Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: “Депутаттын пикири үчүн Америка же Европа виза бербей койсо…”

Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: “Депутаттын пикири үчүн Америка же Европа виза бербей койсо…”

26-июнь, 09:00
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мейкинбек мырза, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечилеринин арасында сиз да бар элеңиз, бирок жаңы тизмеден эмнегедир сиздин атыңызды көрө алган жокпуз. Буга коомчулуктун, ЖМКлардын долбоорго карата терс пикири себеп болгон жокпу? 

-- “Виза алалбай каласыңар” деп коркутканын айтып атышат. Жок, мен андан коркпойм. Мисалы, Америка, Европа болобу, эгер Кыргызстандын депутаты өз пикирин айтса, анан тигилер виза бербей коё турган болсо, бул туура эмес. Андыктан, биз таптакыр андан корккон жокпуз. Бир гана себеп, бизде 90 депутат бар. Ал жерде көптөгөн суроолор жаралууда. Ошол суроолорго жоопту алгандан кийин колдойбуз, же колдобойбуз. Ошондо гана айта алабыз. Дагы бир жолу кайталап кетким келет, “виза бербей коёт” деп коркпойбуз. Бербесе бербей койсун. Кыргызстанда эле жашап жүрөбүз, мындан кийин деле мекенибизде өмүр сүрөбүз. Өзүбүздүн мамлекетибиздин келечеги үчүн бир мыйзам долбоорун демилгелесек, анан бир чет мамлекет виза бербей койсо, бул туура эмес да.

-- Эдил Байсалов боюнча сиздин пикириңиз кандай? Ал кызматынан кетиши керекпи?

-- Бул чоң суроо. Бирок, кечээ күнкү айткан сөздөрү талкуу жаратты. Бүгүн жыйын башталарда президенттин өкүлүнө “Эдил Байсаловдун айтканы туурабы, же туура эмеспи? Депутат элдин атынан сүйлөй алабы, же сүйлөй албайбы?” деп суроо бердик. Президенттин өкүлү ал суроого жооп берип, Конституцияда кандай жазылганын окуп берди. Ал эми жумуштан кетер-кетпесин мен чечпейм. Анын да кээ бир жүйөлөрү бар. “Өкмөттүн өкүлдөрү келип бул жерде кечке отурушат” дейт. Биз бир маселе канча саат, канча мүнөт караларын алдын ала билбейбиз да. Кээде беш-он мүнөттө бүтсө, кээде эки саатка созулуп кетиши мүмкүн. Анда бизде эмне күнөө? Биз “келип отургула” дебейбиз да, туурабы? Негизи бир регламент киргизип, “түшкү тыныгууга чейин мынча мыйзам долбоору каралат, түштөн кийин келиңиздер” деш керек окшойт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер