Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иран–Россия–Кытай үчилтиги АКШны бушайманга салды

Иран–Россия–Кытай үчилтиги АКШны бушайманга салды

10-июнь, 16:32
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Талибан бийлиги Иранга кол салып, үч аскерин байлап кеткени дүйнөнүн көз жаздымында калды. Мындай окуя аймакты дагы бир жолу тынчсыздандырып, союздаш өлкөлөрдүн кайрадан башын бириктиргенсиди. Учурда Талибан Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймагында канал казуу иштерин жүргүзүп, ГЭС куруу менен кошуналардан энергетикага болгон көз карандысыздыкты камсыздайм деп туру. 

2021-жылы Америка Афганистанды таштап чыгып кеткенден бери Талибан АКШнын аймактагы “союлуна” айланып баратат. Бул абал эң көп Иранды бушайманга салды. Расмий Тегерандын Россия жана Кытай менен мамилесин өркүндөткөнү АКШны чочутуп, араб дүйнөсүн кадимкидей үркүттү. Талибан бийлиги Борбор Азияга азырынча багытын буруп, каарын чача элек. Бирок, кайсы өлкө болбосун Талибан менен кармашкандан айбыгып, "коргонуу блогу" делген уюшмалардан башкалка издеп жүрүшөт. Коопсуздугу кыйын кырдаалда калган өлкөлөр деп Афганистандын кошуналарын айтабыз. Ал эми үчүнчү өлкөлөр үчүн абал андан бир аз эле жакшыраак. Иран-Талибан жаңжалын батышчыл ММКлар мүмкүн болушунча кыска, аз, же маанисиз бир чатакташуу катары берди. Анткени, аймакта үлкөн державалардын таасир талашы күчөп жатат. Элестетип көрүңүз, сиз эки табактуу таразаны кармап турасыз. Анын бир башында курал-жарак же жарылуучу заттар, бир жагында калем бар. Тилекке каршы, ошол тараза бүгүн АКШнын колунда турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер