Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Бажы системасында коррупциялык схемалар толук жоюлган эмес”

Марлен Маматалиев: “Бажы системасында коррупциялык схемалар толук жоюлган эмес”

04-ноябрь, 19:28
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, агрардык саясат боюнча комитеттин жыйынында бажы кызматынын жетекчиси Самат Исабеков жылдын аягына чейин жыйымдар боюнча план аткарылбасын моюнга алды. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

-- Бюджет кабыл алынып жатканда ал жөн эле ойдон, тоодон алынбайт. Ал атайын макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде гана түзүлөт. Ар бир министрлик, ведомство менен алдын ала макулдашылат. Эгер бүгүнкү күндө план аткарылбай жаткан болсо, демек, ал бажы кызматынын ичинде жумуш тийешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасы болушу мүмкүн. Бул – биринчиси. Экинчиси – демек, коррупциялык схемалар толук жоюлган эмес. Мурдагы эле схемалар калган деп эсептейм. Көрүп атасыздар, Украинадагы, Казакстандагы окуяларга байланыштуу көп каржылык агымдар бизди көздөй бурулду эле, ошону кармап калып, керек болсо көбөйтүү зарыл болчу. Негизи эле бажы кызматында мүмкүнчүлүк өтө көп. Азыркы бюджетти керек болсо эки эсе көтөргөнгө шарттар бар. 

-- Жетекчилик жактан кемчилик кетип жаткан болсо, алардын жоопкерчилиги каралышы керекпи?

-- Албетте. Бизде бюджет маселеси каралганда кайсы бир тармак боюнча план аткарылбаса, сөзсүз жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш беребиз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер