Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Кулов: “Мени сатып кеткен саясатчыларга таарынбайм”

Феликс Кулов: “Мени сатып кеткен саясатчыларга таарынбайм”

20-август, 14:37
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Ар-намыс” партиясы өлкөбүздөгү белгилүү чоң партиялардын катарында. Бирок, бул ирет негедир шайлоого барбай калдыңыздар го?

-- Ооба. Талапкерлердин тизмесин праймериз – партиянын ичиндеги тандоо аркылуу түзүү коомчулукка талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат алууга, ал эми парламентке мыкты, кесипкөй депутаттар келүүсүнө мүмкүнчүлүк бермек. Тилекке каршы, учурдагы пандемиялык кырдаал буга жол берген жок. Ошондуктан, биз мурункудай капчыктуулар жеңишке жетишкен шайлоого катышуудан баш тарттык.

-- Өткөн чакырырылышта “Ар-намыс” партиясы аркылуу бир топ адамдар Жогорку Кеңештин депутаты болду. Алар ишеничиңизди актадыбы? Бул жолу партияга колдоолору болгон жокпу?

-- Азыр саясаттын жүзү белгилүү болуп калбадыбы. Кайсы жак ыңгайлуу, ошол өңүтүн тандап кете бермей. Мени сатып кеткен саясатчыларга таарынбайм. Бул чыккынчылык деле эмес, бирок жакшы көрүнүш катары кабыл албайм. Орусча айтканда, “не солидно”. Азыр саясатчылардын көпчүлүгү Атамбаев айткандай “чимкирик” болуп калды. Мага ушул вариант жакпайт. Жеңишке жетеби, же эл ишеничинен кетеби, туруктуу болушу керек. 

Көп мүмкүнчүлүк жок болуп турат. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт”. Бирок, баарын эл таразалайт, эл тандайт. 4-октябрь баарын көргөзөт...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер