Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Байсалов: «Ар бир адамдын жүрөгүнө үмүт жаратабыз»

Эдил Байсалов: «Ар бир адамдын жүрөгүнө үмүт жаратабыз»

18-октябрь, 01:25
1 745 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Лондондогу элчилик кызматын таштап, кыйынчылык түшкөндө элдин жүгүн көтөрүү үчүн вице-премьер-министрлик даражадагы кызматка келип конду. Кут болсун! Азыноолак маектештик. 

-- Сиз эң оор болгон социалдык тармакты жетектегени жатасыз. Өзүңүз билгендей, бизде бюджет дагы социалдык тармакка багытталып түзүлөт. Ушундай кыйын кырдаалда бул блокту кантип жөндөп кеткени жатасыз?

-- Биз президентибиз бекиткен программасы, министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен биргеликте алдыга коюлган багыттарды аткарууга бел байладык. Азыркы негизги милдетибиз – карапайым элдин кызыкчылыгын коргоо. Анткени 30 жылдан бери байыгандар арбыды, бирок артта калгандар ошол бойдон калып кетти. Мына, Жогорку Кеңештин сессиясында айрым депутаттар жеке менчик бала бакчалар, мектептер туурасында маселе көтөрүп жатышат. 10 жылдан бери өзгөчө социал-демократиялык партия деп алышып, байлардын кызыкчылыгына иштеп келишкен. Чындыгында байлар биздин камкордукка муктаж эмес. Ошондуктан президенттин биздин алдыбызга койгон тапшырмасы жана талабы карапайым элдин кызыкчылыгы, мамлекеттик орто мектептердин, бала бакчалардын абалын жакшыртуу болуп жатат. Элдин баардыгы эле жеке менчикке барып алса, 10-15 жылдан кийин эмес, эртең-бүрсүгүнү эле эл арасындагы социалдык ажырымга алып келет. Бул өз кезегинде мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирет. Менин жеке пикиримде, колунда барлардын балдары жеке менчик мектептерге барышсын, бирок элдин 99 пайызынын балдары биз окуган, кадимки мамлекеттик орто мектептерден билим алышсын. Биз мына ушул багытта иш алып барып, мамлекеттик бала бакчалар менен билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртып, ошол жакта заманбап шарттарды түзүп беришибиз керек. 

-- Пандемия ар бирибиз үчүн саламаттык сактоо тармагынын канчалык маанилүү, баалуу экенин сездирди, ошол эле учурда бул илдет кемчиликтерибизди ачык көрсөттү. Медицина тармагына кандай жаңы нерселерди киргизейин деп жатасыздар?

-- Саламаттык сактоо тармагы боюнча дагы ушундай пикирдемин. Өзгөчө ковидден кийинки абалда жеке менчик клиникалардын саны көбөйдү, азыр бизде миллиондогон жарандар чет өлкөгө каттап калды. Албетте, ден соолук баалуу, кымбат нерсе. Биздин азыркы негизги максатыбыз – карапайым элди кабыл алган медициналык мекемелердеги дарыланууну жеткиликтүү кылуу. Өзгөчө биздин энелердин, балдардын, кары адамдардын ден соолугуна сапаттуу кам көрүү. Биз баардыгына эле жетишип, кепилдик бере албайбыз. Муну өзүбүз жакшы түшүнүп турабыз. Анткен менен улуттук коопсуздук туурасында сөз болгондо, кайра эле эне менен бала алдыңкы планга чыгат. Жаңы төрөлгөн баланын биринчи күндөн тартып бой жеткенче саламатыгына кам көрбөсөк, кийин кеч болуп калат. Учурда ресурс аз экени айтылууда, бул кандайдыр бир деңгээлде чын. Бирок колдо болгон ресурсту туура пайдаланып жатабызбы? Акыркы жылдары мамлекеттик саясат кимдин кызыкчылыгында жүрүп келген? Албетте, байлардын. «Жо-ок, салык төлөбөйбүз, бизнес кыйналып жатат» дешет. Макул, салыкты түшүрүп койдук, кана мамлекеттин гүлдөп кеткени? Европада бизнес 70-80 пайыз көлөмдөгү салыктарды төлөшөт. Бирок, алар өнүгүп, гүлдөп эле жатат го? Аларга канчалык салыкты түшүрсөң дагы аз боло берет. Ошондуктан жаңы өкмөт, жаңы бийлик карапайым адамдардын кызыкчылыгында гана таза, башкача саясат жүргүзөт. Азыркы учурда президенттик башкаруу, жетекчибиз дагы президент жана анын тапшырмасы – карапайым калктын жашоо шартын жакшыртуу. Бул бир-эки айда, же бир-эки жылда ишке аша калчу нерсе эмес, ошондой болсо да саясатты кардиналдуу түрдө башка нукка бурганга бизге жол ачылып жатат. Министрлер кабинети ушунун үстүнөн талыкпай, толук кандуу иштейбиз. 

-- Буга чейин Улуу Британияда элчилик кызматта болчусуз, Кыргызстанга келүү жана ушундай оор тармакты жетектөө жоопкерчилигинен корккон жоксузбу? Чечим кабыл алуу жеңил болбосо керек...

-- Албетте, кыйын болду. Биринчиден, менин элчи болгонума аз эле болгон. Баш-аягы эки жыл өттү, аны дагы толук кандуу иштеген жокпуз. Эки жыл ал жак менен жакындан таанышып, байланыштарды түзгөнгө кетет. Мен жаңыдан барып, эми эле активдүү иштеп баштаганымда пандемия башталып, карантинге жабылып калдык. Ошондуктан мурда дагы ушундай кызматтарга келүү боюнча сунуштар түшкөн. Баарынан баш тартып келгем. Бул саам дагы жылуу ордумдан козголбой, элчилик кызматымды аркалап жүрө берсем деле жарашмак. Бирок, мен анте алган жокмун. Оор кырдаалда баш тартып, таттуу жерди тандап, келбей коюу – жигитчиликке жатпайт. Потенциалымды, пайдамды, кызматымды кылып, өз өлкөмө салым кошкум келди. Билесизби, мен элчилик мөөнөтүм бүткөндө келип бир нерсе кылам дегенче, кеч болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан азыр чечкиндүү чараларды көрбөсөк кечигебиз. Өткөн президенттерибиз «биз Швейцария болобуз, Орто Азиядагы эң өнүккөн мамлекетке айланабыз» деген убадаларды берип келишкен, бирок, учурда биз дүйнөнүн эң жакыр мамлекеттеринин катарына кирип калдык. Жаштарыбыз башка мамлекеттерге кетип жатышат, демек, биз бул жакта – Кыргызстанда бакубат жашоону курушубуз керек. Балдарыбыз сыртка чыкса дагы жогорку маяналуу жумуштарда, дүйнөлүк класстагы сапаттуу билимибизге таянып, дүйнөнү багынталы. Бул үчүн билим берүү системасы, мамлекеттик мектептердеги окутуунун деңгээлин жогорулатуунун маанисин арттыруу пиоритеттүү багыттардын бири болууда. Өзүңүз айткандай, бул эң оор тармак, көп нерсе дагы ушул тармактан көз каранды. Мага чейин канчалары келип кеткен. Эң башкысы, жаңы жетекчилик алдына амбициалуу максаттарды койдук. «Бат эле баардык нерсе сонун болуп кетет» дегенден алыспыз, бирок, жок дегенде ар бир адамдын жүрөгүндө жакшы, сапаттуу жашоого үмүт жаратууга аракет кылабыз.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер