Ырайсыздардын энеси

(Новелла)
Жакын досум мени элет жериндеги чакан шаарчага конок болуп кетүүгө чакырды. Жашаган жеринин урунттуу булуң-бурчтарын жакындан тааныштыруу ниети менен ал мени улам бир жагына алып барды: жаратылыштын кооз көрүнүштөрүнө суктанууга мажбурлады; урандыларды, устаканаларды, эски сепилдерди карап чыгууну сунуш кылды; эстеликтерди, чиркөөлөрдү, кооздолуп чегилип жасалган укмуш дарбаза-эшиктерди, аябагандай чоң же бир кызык кейиптеги дарактарды, ыйык Андрейдин дубун жана рокбауздук тис жыгачын көрсөттү.
Качан мен анын көңүлүн улай, толкундануу менен баарына суктанымыш этип карап чыккан соң, досум эми көрө турган деле нерсе калбаганын айтты. Мен ичимен терең дем алып, жеңилдене түштүм. Демек, эми дарактардын көлөкөсүнө отуруп, бир аз эс алса болот. Капыстан эле кайрадан унчукту:
-- А баса! Бизде ырайсыздардын энеси бар эмес беле, сен аны көрүүң керек.
-- Ал эмне болгон «ырайсыздардын энеси»?
-- Ээ бир шумдук аял, тим эле албарсты. Жыл сайын бул азыткы атайы эле жийиркеничтүү, киши коркчу желмогуздарды – кейпи суук майып балдарды тууйт жана аларды паноптикум кармоочуларга сатат. Адам сыягы жок, пас акча табарлар убак-убагы менен жаңы ырайсыз туулганы жайынан кабардар болушуп, жакса алып, ал үчүн энесине рента төлөшөт. Азыр андай ырайсыздардын саны он бир. Мастен абдан байыды. Сен балким мени “тамашалап жатат, ойлоп тапты, өтө эле апыртып жиберди” деп жаткандырсың. Эч андай эмес. Мен сага нукура чындыкты айтып жатам. Жүрү, барып көрөлү. Анан мен сага ал аялдын эмне болуп ырайы сууктарды жаратып калганын айтып берем.
Ал мени шаардын чет жагына алып барды. Аял жол боюндагы татынакай чакан үйдө турат экен. Көз жоосун алып, баардыгы сонун, жыйнактуу, жыпар жыттуу гүл толгон бак. Тынч эс алууга кеткен нотариустун чарбагы сыяктуу.
Кызматчы аял бизди элет жерине мүнөздүү чакан мейман үйүнө киргизди. Анан тиги мастен үстүбүзгө кирди. Жашы кырктарда бар. Солдоюп чоң, катаал жүздүү, бою түз, күчтүү, кадимки дени сак дыйкан аялдын – жарым-жартылай айбан, жарым-жартылай аял пендесинин типтүү үлгүсү. Жогорудагы кылыгы үчүн жаман көрүшөрүн ал билчү, ошон үчүнбү, келгендин баарын көңүлү бузула, үтүрөйүп кабыл алат.
-- Сиздерге эмне керек? - деп сурады эле, досум:
-- Сиздин кичүү чүрпөңүздү “соо балдардан түк өзгөчөлүгү жок, өзүнүн бир туугандарына такыр окшобойт” деп айтышат. Мен өз көзүм менен көрүп ишенейин дедим эле. Чынбы ушул? - деп кайра өзүнө суроо узатты.
Ал бизди жеп ийчүдөй болуп алдыртан бир карап алды да:
-- Эч кандай андай эмес, мырза жигит! Ал тигилерден да кебетеси суук, коркунучтуу. Ишим түк оңунан чыкпады. Баары ушул сыяктуу бипбирдей, кандайдыр бузук тийгендей. Кудай неге мага – жалгыз, бактысыз аялга сыртын салат? Деги эмнеден улам?
Анын бүткүл турпаты өлө корккон адамды эске салып, эки жүздүүлүк менен тез сүйлөп жатты. Ал ачуу үнүн жумшартууга аракет кылды; бул ыйламсырап, жалооруп чыккан үн чын эле ушул карышкыр болуп улуу, албуут кыймыл үчүн жаралгансыган ири, олдоксон, сөөктүү денеден бөлүнүп жатканы таңкалычтуу болчу.
Досум мындай деп сурады:
-- Үйдөгү балаңызды көрүүгө болобу?
Мага ал кызара түшкөндөй туюлду. Мүмкүн жаңылгандырмын. Бир аздан соң катуу унчукту:
-- А эмне үчүн?!
Ал ачуулуу, күйүп турган көздөрүн бизди карай атып, башын көтөрдү. Жолдошум сөзүн ары улантты:
-- Сиз аны эмне үчүн бизге көрсөткүңүз келбейт? Ансыз деле башкаларга көрсөтүп жүрөсүз го... Мен кимдер тууралуу айтып жатканымды сиз жакшы билесиз.
Аялдын ачуусу келе түштү. Эми ал үнүн да кармабай, албууттанып баштады:
-- Мында эмне келдиңер? Мени эзип жеш үчүнбү? Менин балдарым айбанга окшошуп калганы үчүн да ээ? Силер аны көрбөйсүңөр, түк көрбөйсүңөр! Кеткиле бул жерден, жоголгула! Силер эмнеге эле мага жабышып калдыңар?! - Жыйрылып, баса калчудай болуп, ал бизге атырылды. Анын ачуу чаңырыгынан уламбы, коңшу бөлмөдөн кандайдыр онтогонго, андан да мыёологонго окшогон аянычтуу, тири укмуш үн угулду. Тула боюм дүркүрөп, үрөйүм учту. Артка кетенчиктеп барып токтодук.
Досум өктөм унчукту:
-- Көзүңүзгө караңыз, Азезил аял (эл аны Азезил аял деп аташчу), мунуңуз үчүн качандыр бирди көрөсүз!
Аял жини кайнаганынан калчылдап чыкты. Өзүн жоготуп, муштумдарын булгалай, өкүрүп коё берди:
-- Жоголгула! Эмне үчүн бирди көрөт экенмин? Көзгө көрүнбөй жоголгула, жексурлар!
Жакабызга асылып, тытып жиберерине аз эле калды. Биз кеткиче шаштык. Көңүлгө эң эле оор тийип, маанайыбыз чөгө түштү.
Сыртка чыкканыбызда, досум сурады:
-- Көрдүң го?.. Кандай, жактыбы?
-- Эми бул мастен тууралуу калганын сүйлө, - дедим мен.
Анан ал жаңы гана бышып, тынч деңиз сымал сыдырым желге араң серпилген шалбаа чөбүн тең жарып өткөн кенен ак жол менен жай келе жатканыбызда, мына буларды айтып берди:
-- Бул аял мурда сарамжалдуу, иштерман, токтоо кыз эле, фермада жалданып иштечү. Эркек достору жоктой эле көрүнгөн, начар жактарын деле эч ким байкабаган. Фермада иштеген баардык кыздардай эле ал дагы орок маалында, орулган буудайдын арасында, асманда күн күркүрөп, аба кызарып чыккан мештин урган илебиндей үп тартып, боз улан жигиттер менен бой жеткен бийкечтердин күнгө күйгөн денелери терге чыланган убакта күнөөгө батты.
Көп өтпөй ал боюна болуп калганын сезди, уят, коркуу сезими аны кыйнады. Эч ким билбеши керек эле, андыктан, ал тактайчалардан жана аркандын үзүндүлөрүнөн өзү жасап алган бекем корсетти ичине катуу таңып жүрдү. Улам өскөн баланын түртүүсү менен ичи канчалык чоңойгон сайын, өзүнүн кыйноо куралын ошончолук бекемирээк тартып байлады. Мында ал катаал сыноого кабылып, туруктуулукта чыдап, ал гана эмес дайыма жылмайып, тың кыймылдап, оор азапта калганын түк билдирбеди. Ал курсагындагы тырнактай тирүү жанды өзүнүн шумдуктуудай аспабы менен кызылдай кыйноого алды: аны кысты, мунжу кылды, акыры түрү укмуш айбанга айландырып салды. Кысылган баш сөөгү созулуп, учтуу шиш сымак болуп калды, тостойгон эки чоң көзү маңдайына чыга түштү. Денесине жабышкан буту-колдору ашыкча узарып, жүзүмдүн бутагы сымал ийрейди, а манжалары жөргөмүштүн буттарына окшоп калды. Денеси такыр эле өспөй, жаңгактан бетер бөрсөйүп барып токтоду.
Ал жаз маалы эртең менен талаада төрөдү. Жардамга чуркаган чөп отоочулар анын курсагынан чыгып келе жаткан ырайы суук жандыкты көргөндө, коркуп кайра качышты. Бүткүл чөлкөмгө анын бир түрү укмуш, азезил-шайтан сымал немени тууганы жөнүндө сөз тарады. Мына ошол күндөн баштап аны «Азезил аял» деп атап калышты.
Аны ал жерден кубалап жиберишти. Кайыр сурап жашап жүрдү, а балким, жашыруун денесин сатып дагыбы... Ал көзгө урунуп калган, түзүк кыздардан болчу, ошондой эле эркектердин да далайы тозоктун отунан коркушпайт эмеспи.
Алгач өзү тууган ырайы суук «чүрпөсүн» түк дагы көргүсү келбеди. Балким, муунтуп өлтүрүп салар беле, дин кызматчысы анын антерин билип, сот менен коркутканынан улам мизи кайтып, аргасыз багып өстүрдү.
Бир күнү ошондой өтүп бараткан кыдырып оюн коюучулар мындагы түрү шумдук жандык жөнүндө угушуп, карап көрүүнү, эгер туура келсе, өздөрү менен ала кетүүнү чечишти. Чын эле жагып, энесине беш жүз франк акчаны ошол эле жерден нак санап беришти. Алгач аял тартынып, такыр эле көрсөтпөйүн деди эле, бирок ырайы суук баласы үчүн көп акча алуу мүмкүн экенин түшүнгөн соң, ар бир тыйынды эсептеп, жандан башкача өзгөчөлүктөрүн санап, кадимки дасыккан далдалчылардан бетер көжөлө баасын көтөрүп, соодалашып баштады. Кокус алдап кетишпесин деп, ал тигилерди кагазга кол коюуга мажбурлады. Кыдырып оюн коюучулар бул ырайсызды чындап эле өздөрүнө кызматка алышкандан бетер аялга жыл сайын макулдашылган суммадан тышкары дагы төрт жүз франктан төлөп турууга милдеттеништи.
Күтүлбөгөн киреше аны акылдан адаштырды. Эми ал тиш каккан буржуйларга окшоп рента чогултуп алыш үчүн дагы башка ырайсыздарды жаратып, тууп алууну катуу эңседи. Дени сак, бөтөнчө төлдүүлүгүбү, анын аракети оңунан чыкты. Ал кыязы өзү төрөгөн ырайсыздарына боюндагы кезинде коюлган басымга жараша ар түрдүү форма берүүнү өздөштүрдү көрүнөт: узунун да, кыскасын да тууду; бири крабга окшош болсо, башкасы кескелдирикке окшоду. Айрымдары өлүп, ар жолу катуу кайгырып жүрдү. Сот кийлигишип көрдү эле, эч нерсени далилдей албай койду. Акыры эркине коюшту. Ана эми, минтип дале ырайы суук майып балдарды жаратуусун улантууда.
Бүгүнкү күндө ырайсыздардын саны он бир, баары тирүү, жылына аялга беш-алты миң франк киреше киргизишет. Бирөөнө – жанагы бизге көрсөтпөй койгонуна кардар чыга элек. Бирок аял аны көпкө кармабайт: баардык кыдырып оюн коюучулар мастенди жакшы билишет, убак-убагы менен тийе кетишип, жаңысы бар же жок экенинен кабар алып турушат. Эгер бул жолку үлгүсү өтө кызыгууну туудурса, ал кадимкидей аукцион уюштуруп да жиберет.
Досум унчукпай калды. Көңүлүм бузулуп, ачууга уугуп чыктым: ошондо эле бул жексурду өз колум менен муунтуп салбаганыма өкүндүм.
-- Атасы ким? - деп сурадым эле:
-- Белгисиз. Ал же алардын кайсы бир деңгээлде уяттары бардай. Негедир ачыкка чыгышпайт. Балким, аял тигилер менен түшкөн акчаны бөлүшүшү да ыктымал, - деп жооп берди.
Мен бул окуя жөнүндө такыр унутуп койгон элем, анан эле ак сөөктөр пляжында келбети келишкен, татынакай, кылыктуу аялды көрүп калдым: аны көзү менен тең айланган ашык адамдары курчап алыптыр. Пляж аркылуу досум ушул курорттун врачы болуп өтүп бараткан элек. Он мүнөт өтүп-өтпөй мен кумда ойногон үч кичинекей баланы бала багуучусу менен көрдүм. Жерде балдактар жаткан эле, негедир жүрөгүм кысыла түштү. Ушунда мен үч баланын кебетелери бузулган, өркөчтөрү чыккан, ийрейген, иреңдери суук экенин байкадым.
Доктор мага муну айтты:
-- Булар – сен азыр эле жолуктурган татынакай, кылыктуу айымдын жараткандары.
Мен кейип үн каттым:
-- Эх, байкуш эне! Деги ал канткенде кубанып күлө алат?!
Досум жооп улады:
-- Сен аны аяба, кымбаттуум. Бактысыз балдарды аёо керек. Боюнда болгон акыркы күнгө чейин белин түз, ичке алып жүрүүнүн натыйжасы ушул. Мындай адаттан тышкаркы майыптык корсеттен улам. Бул оюнда керек болсо алтындай өмүрүн тобокелге салып жатканын ал жакшы билет. Дайым сүйүп жактырышып, сулуу бойдон калса болду, ага баары бир.
Ушунда менин эсиме башка бир аял, өзүнүн ырайы суук балдарын соодалаган азезил аял, эсиме түштү...
Орусчадан которгон Болот Оторбаев
"Азия Ньюс" гезити