Султан Раевдин “Топон” романын талдоо
“Кризис заключается именно в том, что старое уже умирает, а новое еще не может родиться; в этом междуцарствии возникает множество разнообразнейших патологий”.
(Антон Громши. “Тюремные тетради”)
Постмодернист Джон Фаулздун “Дэниел Мартин” романынан
Биринчи макала
Азыркы учурда Султан Раевдин калеминен жаралган "Жанжаза" (–Б.: Турар, 2013), "Топон" (–Б.: Турар, 2018) романдары коомчулук тарабынан кыргыз прозасындагы жаңы көрүнүш, жаңы окуя катары кабыл алынып, таанылып жатканы бир караганда парадоксалдуу көрүнгөнү менен анын мыйзам ченемдүү жагдайы бар экен. Өткөн кылымдын этегинде, токсонунчу жылдардын башында эгемендигин автоматтуу түрдө колго алган кыргыз эли ал мезгилде жаралган саясый-экономикалык, социалдык-психологиялык атмосферадан улам өлкөдө түп-тамыры менен өзгөрүлүп, оодарылып жүрүп жаткан трансформациялык көрүнүштөрдүн маани-маңызын аңдап түшүнүүгө шаасы жетпеди. Совет империясынын зор идеологиясынын күчтүү гипнозунан ойгоно албай турган кыргыз жазуучулары башмалдак атып, күндө кубулуп жаткан ал мезгилдин күрөө тамырын кармап, көркөм аң-сезимден өткөрүп, системалуу чагылдырып бергенге кудурети жетпей, шал болуп дымып отуруп берди. Советтик империя башка улуттар менен кошо кыргыз элин локомотив сыңары сүйрөп отуруп, дүйнөлүк цивилизациянын кан жолуна чыгарып койгон экен, андай жасалма абалыбыз урап, артты көздөй кулап, империянын кыйрашы менен кыргыз коомчулугунда табигый түрдө прогресстин ордуна регресс өкүмүн жүргүзүп, улуттук табиятыбыз кайра эле патриархалдык-уруучулук деңгээлге келип алды. Ошондо кыргыз жазуучуларынын көбү тарыхка кайрылып, алган объектилерин деле жакшылап үйрөнбөй, тарыхый жанрдын табиятын деле жакшылап өздөштүрбөй, жапырт тарыхый чыгарма жазып киришти. Жазуучулар журтунда жүрүп жаткан андай тенденциялык көрүнүшкө жаны кейиген сынчы Салижан Жигитов "кыргыз интеллигенциясынын көзү маңдайынан желкесине карай жылып кеткенин" учурунда көзгө сая айтты. Бул эми жакшы табылган метафора. Өткөөл мезгилдин духун дале да болсо залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Кассандра тамгасы", "Тоолор кулаганда" романдарында кармап, чагылдырып бере алды. Себеби, планетардык масштабда ой жүгүрткөн дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучубуз мезгилге карата кыраакы мамиле жасап, турмуш тереңине сүңгүй, турмуш чындыгын көркөм чындыкка айландыра билүүдө даанышман жазуучунун кыял чабыты, интеллектуалдуу деңгээли, профессионалдык даярдыгы замандын түрүн бийиктен туруп көрө билген кеменгер абалда болгону мезгил өткөн сайын даана баамдалууда. Мезгилдин духун кармай билүү, мезгилге жараша сөз айтуу, көркөм электен өтө ала тургандай системалуу чагылдырып берүү вазийпасы андан кийин эле жазуучу Султан Раевдин шыбагасына тийди. Султан Раевдин рухий жактан жетилүүсүнүн жөнү башка. Анын да өмүрүнүн көбү союз мезгилинде өттү, жазуучу катары ал да союз мезгилинде таанылды. Империялык бийлик өз күчүн жогото баштаган сексенинчи жылдардын этегинде Султан Раев тырмак алды чыгармаларын окурмандарына тартуулай баштаган ("Күн кармаган бала". // “Ала-Тоо", 1989, №9). Анан мезгилдин өзгөрүшү менен жазуучу катары Султан Раев да өзгөрүп, Батыш, Чыгыш адабиятын, маданиятын өздөштүрүп, дүйнөлүк деңгээлдеги ар кыл адабий агымдарды, түрдүү философиялык окууларды, доктриналык концепцияларды окуп үйрөнүп, тереңин өздөштүрүп, дээрлик жыйырма-отуз жылдык чымырканган чыгармачылык изденүү түйшүгүн башынан өткөрүп жатып, чейрек кылымдык көжөлгөн эмгектин натыйжасы, үзүрлүү акыбети катары "Жанжаза" (2013), "Топон" (2018) романдарын жаратты. Жазуучу аталган эпикалык туундуларында учурдун күрөө тамырын, духун жаземдебей кармап, системага келтире, каймана-метафоралуу амалда ар кыл поэтикалык ыкмалардын эсебинен азыркы турмуштун реалдуу көрүнүшүн сүрөттөп көргөзгөн. Ошондон Султан Раевдин прозасынын реализми зор. "Жанжаза" романындагы эпизоддо: "...Сайбагыла! Мен сульфазинди жаман көрөм! Сайбагыла!" деп эңгезердей эки эркекке ал бербей жулунуп жаткан кыз сульфазин денесине сайылгандан кийин жоошуй түшүп, көшүлүп уйкуга кетет. Уйкуга төнүп баратып, түш көрөт. Түшүндө адамдардын ызы-чуусунан кулагы тунуп, жылаңайлак, жепжеңил ак көйнөкчөн көчөдө баратты. Бутунда, ал гана эмес колунда кишен, чоң көчө ызгыт түшүп, эки тарабы быкпырдай кайнаган элге толуп чыккан. Ал Байыркы Римдин көчөсүндө баратканын эми сезди. Клеопатраны Римдин көчөлөрү менен (дарга асканы) алып баратты... Клеопатрага жакын келгендер анын бетине түкүрүп, ашата сөгүп, андан маашырлана, кудум эле маскарапоздун парадын өткөрүп жаткандай, Байыркы Римди башына кийип алышкан... Кыз кайсы абалына мындай жазаны тартып жатканына түк түшүнө албай койду. Бул кыздын өз аты бар, татынакай аты бар, болгону эле жиндиканага түшкөндөн бери эле Клеопатра деген ат ага жармашкан. (Кыздын ички дүйнөсүнөн чыккан: "Я" – её второе "я” деген үнүн эске алсак, кыздын түшүндөгү (көмүскө дүйнөсүндөгү) Клеопатранын образы – кыздын “альтер эгосу”). Аны да жиндикананын чоңу койгон...” деп баяндагандай, кыз түшүндө өзүнүн экинчи "менин" – Клеопатраны чынында түшүндө өзүн көрүп жаткан... (Чыгармада кейипкерлердин ар биринин (көмүскө) табиятында тарыхый инсандардын кейпин алып жүргөн алардын экинчи "менинин" образдары параллель берилген. Анткени, ошол образдарды көтөрүп жүргөн кейипкерлер жандүйнөсү оорулуу невроз, психоз адамдар. Болбосо, логикага чейинки (пралогикалуу) адамдын аң-сезими менен түш көрүү өзгөчөлүгү жөнүндө айтылуу анималисттик (жан жөнүндө) окууну негиздеген дүйнөлүк этнографисттер Д.Фрэзер менен Э.Тайлордун окуусуна таянсак, уйкудагы адамдын жаны денесинен бөлүнүп чыгып, кайсы жерлерди кыдырып, кимдер менен жолугуп, эмнелерди башынан өткөрсө, уктап жаткан адамдын түшүнө да ошол нерселер кирет дегендей ой-жорум кыз уйкуга кеткен мезгилде күчүнө келип, кыздын бейаң дүйнөсү аркылуу, түш дүйнөсүндөгү метамарфоза мыйзамы аркылуу Клеопатранын жаны кыздын жандүйнөсүнө оошуп келип жайгашып жатканы. Болбосо, айтылуу К.Г.Юнгдун "аналиткалык психология" илиминдеги "коллективдүү бейаң" окуусуна ылайык, кыздын түш дүйнөсүндө, бейаң табиятында "архетип образ" ойгонуп, өзүн түштүн образ-символдорунда туюнтуп жатканы) – анан кыз капысынан Жиндилер өлкөсүнүн паашасын көрдү, анын жанында аялы отурду, негедир өзүнүн сүйгөн жигитин, Жиндилер өлкөсүнүн паашасынын уулун көрө албады. Көрө албаганы – ал коңшу өлкөнүн паашасынын кызына үйлөнүп, бул кургур кызды анын атасы жиндиканага тыгып салууга буйрук берген. Ошондон бери ал ошол жиндиканада. Жиндилер өлкөсүнүн пашасы менен ханышасын котологон калың эл сүрмөгө алып текши "Октавианга даңк! Императорго даңк!” деп кыйкырып жатты. Эң кызыгы, римдиктер бу император Октавиан эмес эле Жиндилер өлкөсүнүн пашасы экендигин да таңазар албай, жин тийгендей бакырып жатты. Пашанын таз маңдайында лавр жалбырагы, башында алтын таажы, колунда Римдин алтын белгиси, мойнуна алтын чынжыр тагылган. Кызды Капитолий аянтындагы секичедеги дарга алып келгенде баягы жаалданган элдин сүрү ансайын обо жарып чыкты. Ушул саатты күтүп турган римдиктердин кымгуут түшкөн абалы адамдык жек көрүүнүн туу чокусундай көрүндү. Клеопатрага болгон ошол жек көрүү сезиминде адамдын жырткычтык каны ойноп турду...” (223-277-бб.) “Түш көрүү көмүскө аң-сезимден чындыкка окшошуп кеткен түш дүйнөсүнүн алкагынан нагыз реалдуулукту табууга мажбурлайт” деп америка акыны Д.Ашбери айткандай (Америка. /1987., январь, №362. С.52), кыздын каймана-метафоралуу-символдуу-образдуу баяндалган түш дүйнөсүнүн призмасы аркылуу (себеби, кыз өңүндө эмес, түшүндө, бейаң абалында) нагыз реалдуулугуна келет. Кыздын өңү эмес, түшү реалдуу, автор азыркы мезгилдеги кыргыз дүйнөсүнүн нагыз реалдуулугун окурманга көзгө сайып көрсөткөндөй, "жылаңач" абалында ачып берип, көрсөтүп жатат. Көрсө, аянт толо жаалданган эл – бүтүндөй бир өлкө жиндиканадай, психиатриалык клиникадай. Ал эми аянттагы ошол кымгуут түшкөн элдин массалык психоздон улам кызга болгон жаалдануусу "адамдык жек көрүүнүн туу чокусуна" көтөрүлгөндөй абалга келип, алардын "сезиминде жырткычтык каны ойноп тургандай" болгон садизм абалына жеңдирген аянттагы кылкылдаган эл – бүтүндөй бир өлкөнүн жиндилериндей – психиатриалык клиниканын бейтаптарындай сүрөттөлүп жатышы азыркы кыргыз коомунун саламаттыгы психикалык жактан мандемдүү экенин каймана-метафоралуу абалда туюнтуп, философ-психолог Эрих Фроммдун усулуна салып, (андан айрымасы, жазуучу көркөм-образдуу көйүндө) улуттун социалдык абалы оорулуу экенин айтып, аныктап, көрсөтүп жатат (Фромм.Э.Здоровое общество./Психоанализ и культура. –М.: Юрист., 1995).
Жогоруда сөз болгон эпизоддо сүрөттөлүп өткөндөй, кашка баш пашанын аянттагы кылкылдаган элдин козушуна шыкак болуп, өзү да козутуп турган көрүнүшү: “Кээде пашалар да эл алдына чыгып оюн көргөзгөндү жакшы көрөт. Мисалы, Ельцин эл кез-кез зериккен мезгилде ошондой оюн көрсөтүп койчу. Көбүнчө элди ойнотушат. Элге көпкө чейин алакандай улуттун коомдук жактан жиндеп кетиши – масштабдуу алганда анча деле чоң көрүнүш эмес, ага салыштырмалуу жалпы адамзатын камтып турган бүтүндөй бир дүйнөнүн "жиндеп кеткени" кандай болот? Бул ушундай туташ келген системалуу (тотальный) көрүнүш.
Султан Раев "Жанжаза" романында козгогон бул өзөк идеясын "Топон" романында улантып, тереңин ичкериден иликтеп, кенен козгойт. Романда сөздүн түз маанисинде эле дүйнө жиндеп кеткенин (баамыңыздабы, реалдуу жашообузда деле "дүйнө жиндеп баратат", "дүйнө жиндеп кетти" деген туюнтмаларды көп айтып, көп колдоно баштадык) көркөм иликтөөгө алган. Ошого ылайык, Султан Раевдин "Топон" романынын универсал мүнөзү, унверсал табияты бар. Андай дегенибиз, жазуучу роман-притчасында улуттук алкактан жогору көтөрүлүп, жалпы адамзаттык дөөлөттөр, жалпы адамзаттык көйгөйлөр жөнүндө сөз айтат. Притчада адамзат тарыхы ассоциативдүү абалда окурмандын эсине элес-булас эске келип, эске түшүп тургудай абалда сүрөттөөгө жетишкен. Башкача айтканда, жазуучу өзүнүн өзгөчөлүү табияттагы шарттуу көркөм дүйнөсүн, моделин жараткан. Биздин пикирибизде, ошол модель жазуучу тарабынан адамзат тарыхына карата атайын эле пародиялуу абалда жаратылган. Султан Раев Американы ачып жаткан жери жок, дүйнөнү деле жазуучу катары алгач сүрөттөп жаткан Султан Раев эмес, жөн гана постмодернисттик адабияттын өзүнө таандык белгиси экен – дүйнөлүк мифтердин, дүйнөлүк деңгээлдеги классикалык жазма адабияттын үлгү-моделдеринин арсеналдарынан пайдаланып, постмодернис жазуучулар ошондой даяр моделдердин эсебинен өздөрү жаратчу чыгармалардын архитектурасын куруп жаратышат. Султан Раевдин жалпы архитектуралык курулушу да ошол тенденцияга негизделген, башкача айтканда, даяр моделдердин конструкциясынан романдын структурасы жаралган. Романдын негизги сюжеттик агымын, архетип өзөгү Ыйык китептерде (Библия-Куранда) жазылган. Кудайдын аяны менен үстү жабык сал жасап, ага жандыктарды түгөйү менен жайгаштырып, дүйнөнү топон суу каптаган мезгилде жашоону аман алып калган Ной (Нук) пайгамбар жөнүндөгү окуя түзөт (Фрэзер Д.Д. Фольклор в Ветком завете (Великий потоп), 1985. –С. 63-160).
Жаңы мезгилдин философу Ф.Ницше "Антихристианин" (1888) чыгармасында "Кудай жок. Кудай өлдү" деп жар салган. Андан мурун немец эстетиги Жан-Поль Кудай жок экенин айтып чыкса, ага таңазар албай коюшкан. Ф.Ницше сөзүн учурунда айтыптыр, коом анын сөзүн кабыл алган. Кызыгы, Ницшеден мурун да, Ницшеден кийин да адамдардын динге болгон ишеними жашап, чиркөө коомдо өз кызматын аткарып жатса, анда Ницше эмне үчүн мындай жыйынтыкка келип жатат? Көрсө, Ницше алдыда Кудайсыз курула турган атеисттердин цивилизациясы жакындап калганын көзү ачыктык менен көрө билип, айтып жатыптыр. Адамдар жашоосунун тарыхый кырдаалдарынан кездешүүчү реалдуу-тарыхый шарттардагы андай реалдуу-тарыхый учурларды эске алсак, Султан Раевдин "Топон" романындагы чыныгы адамдарды (же биологиялык түзүлүштөгү адамдарды) куугунтукка алып, өзгөчө Кудай сөзүн айткан дин адамдарын жазалап, айкаш жыгачка керип өлтүрүп, кырып-жоюп, чыныгы адамдардын жашоосун кысмакка алган жасалма адамдардын өкүм зордукка негизделген жогорку технологиялуу цивилизациясы, чыныгы адамдарга үстөмдүк жүргүзгөн жасалма адамдардын жашоо образы, романдын чордонунда романдык алкакта автордун айтайын деген негизги идеяларын, ойлорун туюндуруп турган. Ошону менен бирге азыркы цивилизациянын чордонунда болуп жаткан реалдуу көрүнүштөрдүн, драмалуу окуялардын өзөгүндө жаралган кризистүү жагдайлардын, проблемалардын өзүн курчутуп, ушундай гиперкөрүнүштүү, шумдук фантастикалуу поэтикалык элементтердин жардамы аркылуу жазуучу өз көркөм аң-сезиминин кыялынан токуп-жараткан жасалма адамдар цивилизациясы жөнүндөгү каймана-метафоралуу баяндар, сюжеттик окуялар аркылуу айтайын деген көкүрөгүндө жүргөн көйгөйлүү негизги ойлорун туюндуруп, окурманга жеткирген (француз жазуучусу Альбер Камю "Чума" романында чуманын образына көп жактуу символдук маани чөгөргөн сыяктуу) Султан Раев да жасалма адамдар цивилизациясын туюндурган метафоралуу сюжетке, жасалма адамдар образына синтездүү табияты бар көп жактуу символдук маани чөгөргөн.
(Уландысы бар)
Рысбек Эшматов, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кыргыз адабияты бөлүмүнүн ага илимий кызматкери
"Азия Ньюс" гезити