Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Абдыкадыровдун ишке ашпаган идеялары, башаламан жумуштары арбыды

Мэр Абдыкадыровдун ишке ашпаган идеялары, башаламан жумуштары арбыды

20-сентябрь, 09:00
328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арзыбаган нерселерге аргасыздан үн кошууга туура келет. Эмилбек Абдыкадыровдун чалмакейине качанкыга чейин чыдайбыз? Баарын жаркыратып, Бишкекти өнүктүрүп жибергенсип, эми Ош базарын, чыгыш жана батыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүүнү оозана баштады. Өрөпкүй колдоп алгандарды көрсөң, тим эле көңүлүң сууйт да. Андай аракети жөн эле догурунган пиар. Логикасыз, баш-аягы жок билдирүү. 

Ириде Ош базарын тартипке келтирип, ашыкча курулуштарды иретке салып, тегерек-четин тазалашы керек. Шаар ичиндеги бул базар тарыхый орду бар, ортоазиялыктардын соода жүгүртүүчү жайы. Борбордогу кары-картаңдар, супермаркеттерден азык-түлүк ала албагандар базардан соода кылышат. Кыскасы, бул жердин зарылдыгы бар. Андан көрө заманбап оңдоолор менен ажарына чыгарып койсо не? Бирок, антпейт. Абыкадыров талкалаганга гана кыйын турбайбы. Ал эми автобекетерди Чүй облусуна көчүрүү акылга сыйбайт. Аймактардан келгендер шаардын сыртына түшүп калышса, кайра автоунаа менен келиш керек да. Кайрадан ошол эле тыгындар орун алат. Элди убара кылмай. Ашыкча транспорттук каттамдардын көбөйүшү күтүлөт. Айтор, баягы эле башаламан идеялардын суу кечпеген көрүнүшү...

Баса, Эмилбек Абдыкадыров шаардын айрым көчөлөрүнүн боюндагы кызыл сызыкка чыгып кеткен жеңил курулуштарды тандоо жолу менен тазалап атат. Иса Өмүркулов сыяктуу коллегасына атайын кычаштык кылып, ага караштуу мүлктөрдү талкалатты. Ошол эле кезде Умбет Кыдыралиевдин имараттарын кыйгап өткөнү кандай? Бүгүнкү бийликтин колтугунда жүргөн көпөстөр кызыл сызыкка чыгып кетишсе “кыңк” этпейт экен. Мисалдар арбын. Эринбей эле шаардын баардык көчөлөрүн карап көргүлө. Бирин түртүрүп, экинчисин калтырууда. А эмне үчүн чийимден ашып кеткен “Народный” сыяктуу дүкөндөрдү сүздүрүп, талкалап салган эмес? Коркот да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер