Жеңишбек Токторбаевде Ош шаарынын өнүгүү программасы барбы?

Оюн кызуу жүрүүдө. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев көчө кыдырып, кызыл сызыктан чыгып кеткен коргондорду, объектерди сүрдүрүп, коомчулуктун көңүлүн бурдурууда. Чоң пиар менен коштолгон иши натыйжа берип, аягына чыкса алкагандар арбыйт. Ириде өзү таза иштеши парз. Өкмөттөн чоң колдоо болуп аткандан кийин ишенимди актоосу зарыл. Миллиондогон каражаттар экинчи борборубузга бөлүнөрү да белгилүү. Мындай шартта Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын өнүгүү программасын, алдыга койгон реалдуу пландарын да жарыялап, заманбап ыкма менен иштөөсүн айгинелесе, таасирдүү жетекчи катары көрүнмөк. Ага болбой эле улакчынын топусун кийип алып, айгайлап эле көчөдө жүрсө, жумушунун соңу кандайча тамамдалат? Таразага салып, салмактай турган мезгил келди да. Мэрдин артынан “от алдырып” аткан башчылары ушул таризинен да акыл калчап коюшса...
"Азия Ньюс" гезити