Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев: “Элдин жонунан кайыш тилген Ширшов эми легалдашып, схемасын уланта берет”

Жанар Акаев: “Элдин жонунан кайыш тилген Ширшов эми легалдашып, схемасын уланта берет”

12-май, 11:22
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, Ширшовго байланышкан маселе боюнча эмне айта аласыз?

-- Ширшов коррупциялык схемаларды түзгөн киши катары бир нече кылмыштарга айыптылып жүрөт. Биздин күч органдары кылмыш ишин козгоп, ага издөө жарыялаган. Интерпол да издеп аткан. Анткени, Ширшов деген фамилия – бул “коррупциялык схема” деген сөз менен синоним. Бирок, издөөдө жүргөнүнө карабастан, соңку бир жылдан бери Кыргызстанга бир нече ирет кенен-кесир келип кетип жүргөн. Мендеги маалымат боюнча дагы бир чоң схемаларды баштады. Мен 28-апрель күнү чек ара кызматына анын өлкөбүзгө канча жолу кирип чыкканы жөнүндө маалымат сурап, суроо-талап жибергем. Бирок, алар жооп беришкен жок. Мен Улуттук банк менен каржы чалгыны кызматына да кайрылдым. Россия Федерациясынан ири суммадагы каражаттар, 600 млн. орус рубли коомдук бирикмеге келип түшкөн. Ал акчалар кимге түштү жана эмне багытка? Аны доллар менен еврого алмаштырып, башка мамлекетке чыгарган схеманын үстүндө иштеп жатышат. Мендеги маалымат боюнча, буга да Ширшовдун тийешеси бар. Улуттук банк болсо мыйзамдарга такап, “бул купуя маалымат, биз бере албайбыз” дейт.

-- Анын кайра коё берилишине кандай карайсыз?

-- Коррупциялык схема түзгөн, энергетикалык кризис учурунда элдин жонунан кайыш тилген адамдын үй камагына чыгарылышы өтө туура эмес иш болду. Мен мындан “эми легалдаш, Кыргызстанда кенен-кесир жашап, схемаңды уланта бер” дегендей мамилени түшүндүм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер