Акыркы кабарлар
» Саясат » Канкор Бакиевдерди актоого салым кошкон Кошалиев курултай төрагасынан кетсин!
Канкор Бакиевдерди актоого салым кошкон Кошалиев курултай төрагасынан кетсин!
25-май, 12:19
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эси жок Кадыр Кошалиев Минскиге жетип барып, Курманбек Бакиевден маек алганы коомчулук тарабынан кескин сын-пикирди жаратты. Элибиз дуулдап, көтөрүлүп кете жаздады. Себеби, Бакиев үй-бүлөсү менен акталууга кадам таштаганы жатпайбы. Бул наадандык эй! 2005-2010-жылдары жүздөгөн адамдардын өлгөнүн кайда жашырабыз? Кудай да, карапайым калкыбыз дагы кечирбейт эмеспи! Ошентип, Кадыр Кошалиев УТРКдан иштен кетти. Ансыз да бул телеканалды Болотбек Тиллебаев “талкалап” жатканда, ашыкча баш оорунун кереги бар беле? Айтор, “окшошконго мушташкан” дегендей, бийликтин пиарчылары Садыр Жапаровдун беделин түшүрүүгө жарап жатышат. “Жең ичинен” толгон-токой кыянаттык жасалганы жалганбы?.. Ал эми элге жек көрүнгөн Кадыр Кошалиевди таластыктар курултайдын төрагасынан түшүрүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Эң туура кадам катары коомчулук тарабынан сыпатталууда. Натыйжада, бул эргулду моралдык жактан жазалаш керек. Курултайдын төрагалыгын суутуп коюптурбу? Кетсин! Ансыз да Бакиевдердин буюртмасынан жантаслим болушкан жүздөн ашуун үй-бүлөлөр жакындарын эстешип, зар какшап отурушат. Кыргызга кыянаттык кылган, каргаша алып келген КурСалиевичтин бир туугандары менен балдарына наалат! Кошалиевге окшогон “куйругуна” дагы...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити