Мамбетжунус Абылов: "Садыр Жапаров таңгалычтуу жагдайды жаратты..."
-- Мамбетжунус ага, өлкөдөгү саясый кырдаал боюнча сиздин оюңузду уксак дедим эле?
-- Өлкөдөгү саясый кырдаал бир аз кооптуу болуп турат. Себеп дегенде, азыр президенттик шайлоону жарыялап алып, аны мыйзамсыз түрдө өткөрүү жолуна түшүп алдык. Экинчиси, конституциялык кеңешменин айланасындагы маселеге такалып, бүгүн ЖКда “референдумга тийешелүү принципти тактап алалы” деген темага өтүп, 1-окууда чечим кабыл алынып калды.
-- Кандай принцип?
-- Биздин мамлекет кандай системада жашаш керек дегенди карап атат. Парламенттик же президенттик? Негизинен, азыркы бийликтин жашыруун тарабы президенттик бийликти орнотуш керек, мамлекетти бир гана президент башкаруусу оң. Муну Конституцияга киргизип алабыз деген катуу аракеттер болуп атат.
-- Бул жерде жаңылыштык жокпу?
-- Эки чоң жаңылыштык бар. Биринчиси, эгерде булардын айтканындай болуп, ушулар президенттикти утуп келип, референдумда президенттик башкаруу кабыл алынган күндө, утуп келген президент кайтып президенттик шайлоого барыш керек болот. Себеби, азырынча президенттик система боюнча Конституция кабыл алына элек. Ал эми бүгүгнкү Конституция боюнча шайлоого барса, жаңы конституциялык система боюнча укугу болбой калат. Ошондуктан бул нерсени түшүнбөй эле удургуп атышат. Экинчиси, ошол президенттикке аттанып аткан Садыр Жапаровдун өзү бүгүн президенттик шайлоого катышканга укугу жок.
-- Эмне үчүн?
-- Президенттин милдетин аткаруучу болуп башын киргизип алган. А Конституцияда так жазылып турат: “Президенттин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катышууга укугу жок” деп турат! Түшүнгөн элге Садыр Жапаровдун кадамы таңгалычтуу жагдайды жаратууда.
-- Азыр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жагын ЖК спикерине өткөрүп берди го?
-- Ооба, элдин басымдуу бөлүгү сен айткандай түшүнүшү ыктымал. А чынында Башмыйзамда эки субъект көрсөтүлгөн: бири ЖКнын төрагасы, бири өкмөттүн башчысы. Эсиңерде болсо, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп бекип, андан кийин эки тизгин бир чылбырды колго алып, өкмөт башчы жагына да кызматка бекиген. Эми “өкмөт башчылыкты да кайтарып берип коём” деп атпайбы. Кайтарып бергенге Конституцияда убактылуу президенттин милдетин аткаруучуга норма жок. Андай норма болбогондон кийин БШКнын Садыр Жапаровду президенттик шайлоого талапкер катары каттоого да укугу жок. Конституцияда жок норманы эч кимдин колдонууга укугу жок.
-- Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого бара турган жолу бар беле?
-- Премьер-министрлик кызматтан кетиш керек болчу. Кеткенден кийин ага эч ким, эч нерсе жабышмак эмес. Ошол эле убактылуу президенттин милдетин аткаруучу макамы да жоюлмак. Ал бүгүн премьер-министрден кеткен жок, убактылуу токтотуп койду. Токтоткон менен өкмөт башчы – Садыр Жапаров. Аны мамлекеттик кайтаруу кайтарып атат. Мамлекеттик резиденцияда жашап жатат. Мамлекеттик кызматтардын баары буга баш ийет. Дагы бир нерсе, БШКнын шайлоо учурунда бир милдети бар: баардык талапкерлер бирдей укукка ээ экениндигин камсыз кылат. Азыр камсыз кыла алабы? Менимче, жок. Анткени, Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматта тургандан кийин айтыш кыйын...
-- Эгерде БШК болбой эле өзүмбилемдик кылып каттап салса эмне болот? Шайлоо эмне менен бүтөт?
-- Муну биз 4-5-октябрда көрбөдүкпү, эмне менен бүткөнүн. Парламенттик шайлоо алдында канча эл какшады, “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” туура эмес иштерди кылып атат. Буларды шайлоодон четтетиш керек” деп канча арыз түштү?.. Ага карабай эле БШК көздү жумуп койду эле, шайлоонун жыйынтыгы эмне менен бүттү? Партияларды алып салып, парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнүн ордуна президентти кубалап чыгышты. Азыр деле ошол шайлоонун жолуна аттанып атат да. Бийликтеги адамдар муну түшүнүш керек. Булардын легитимдүүлүгү болбогонуна карабай БШК кайра каттап салса, Кыргызстандын тагдыры эмне деген акыбалда калат? Кайтып эле тополоңго кабылыш керекпи? Эл аралык аренада биздин өлкөбүздүн аброю дагы төмөн түшүп кетет. Бир сөз менен айтканда, Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого барууга укугу жок. Бул Конституциянын талабы ушундай.
-- Мамбетжунус ага, демек, президенттик шайлоодон мурун конституциялык референдумду биринчи өткөрүп алып, андан кийин гана президенттик шайлоого аттаныш керек эле дегени турасызбы?
-- Эгер Конституцияны өзгөртүш керек дегенге кетсек, конституциялык кеңешме түзүлбөдүбү, ошо жерден эки вариант долбоорун даярдап чыгыш керек. “Парламенттик болсо мындай болот, президенттик болсо тигиндей болот” деген. Эки вариант даярдалгандан кийин эки же үч айбы, элге түшүндүрүп чыгуу кажет. Эл эки варианттын аки-чүкүсүнө чейин түшүнгөндөн кийин референдумга койгон оң. Эл тандаган Конституция боюнча гана президенттик шайлоо өтөт. Азыр “эски Конституция боюнча шайланам, жаңы Конституция боюнча иштейм” дейт. Муну кандайча түшүнсө болот?
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити