Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун, укук коргоочу: «Абиров бийликтин кадырын тебелеп, зыян кылууда»

Турсунбек Акун, укук коргоочу: «Абиров бийликтин кадырын тебелеп, зыян кылууда»

03-август, 20:28
451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

– Турсунбек агай, Жаныбек Абиров Ленин округунан шайлоого катышуу үчүн арыз бергени көпчүлүктүн сын-пикирин жаратты. Сиз мындай кадамды туура көрдүңүзбү? 

– Эми Абировдо абийир деген жок экен. Өзү мас болуп, коомдук жайда мушташып, бирөөнүн денесине залал келтирип, депутаттын атын жаманатты кылганы аз келгенсип, кайра мандатка жулунуп жатканы моралга да, мыйзамга дагы туура келбей турган көрүнүш. Мындан тышкары, анын ушундай хулигандык аракетинин аркасы менен кайра шайлоо болуп, өлкөнүн бюджетинен адегенде 18 миллион, эми 13 миллион сом асманга чачкандай коротулуп жатат. Мына ушул акчага мамлекет канчалаган иштерди бүтүрүп, оңдолбогон мектептерди оңдоп, колунда жок бей-бечараларга жардам берип, көп ишти жасаса болмок. Ал эми аны кайрадан «депутаттыкка кой» деп жаткан шайлоочулары Абировдун акчасына азгырылган өзүнүн шайлоо штабынын гана мүчөлөрү экендиги белгилүү. Алардын сөзүн бетине кармап, «мени шайлоого чык деп жатышат» дегени Абировдун уятынын жоктугу анан акылсыздыгы. Эгер БШК Абировду талапкер катары каттаса, анда алардын баарын кызматтан айдоо керек. Бегматовго окшогондор кечээ эле «Абировдун келишине мыйзам жол бербейт» деп жатып, эми кантип аны катташат? 

– «Талапкер болушуна мыйзам жол берет» дегендер деле чыгып жатат го? Ошондо шайлоо анын айынан болуп, бир эмес эки жолу бюджеттен чыгым болгону эске алынбайбы? 

– Чынын айтсам (алтымыштан ашсам да), Абировду жакадан алып, ошол БШКнын имаратынан заседание болуп жатканда сүйрөп чыккым келип атат. Анан ал жашабагыр мага да чоң муштумдугун көргөзүп көрсүн! Ура алса урсун. Анын муштумунан коркпойм. Бирөө жарым «эй жигит, токто!» дешибиз керек да. Болбосо акчасына таянып эле билгенин кыла береби? Мен аны акылга келтирүүчү аксакалдык акылымды айтайын (!) деп жатам. 

– Бирок БШКга барып, аксакалдык акылымды айтам дегениңизди башкалар кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жаткандай көрүп алышпайбы? 

– Ушундай хулигандыктан кийин уялбай кайра депутаттыкка талапкер болууга аракет кылып жатышы – депутаттык статустун аморальный болуп бара жатканынан кабар берет. Анткени депутаттар буга чейин чалчаңдашып, эч кимиси эч кандай жаза албай, кылган күнөөлөрү үчүн кылмыш жообуна тартылбай келишкен. Абировго да жанагындай кылмышы үчүн анын үстүнөн иш козгоп, сот аркылуу катуу жаза берүү керек болчу. Мына ушундай чара көрүлбөгөндүктөн, бийлик ага кайдыгер мамиле жасагандыктан, коомчулук тарабынан катуу сокку урулбагандыктан, ал баарын унутуп, ушундай кадамдарга барууга белсенип жатат. Тагыраагы, Абиров өзүнүн ушундай аракеттери менен депутаттык наамды, бийликтин кадырын жерге тебелеп, болуп көрбөгөндөй зыян кылууда. Аны мына ушундай аморальный аракети үчүн депутаттыкка талапкер эмес, тескерисинче, иш козгоп, камаш керек. Ошондо гана бийликти эл сыйлай баштайт. Таңгалганым, башка убакта сайттар аркылуу чыгып турчу президентибиздин унчукпай турганы мени тынчсыздандырууда. 

– Президент да анын туура эмес кадамына маани берип, тизгинин тарттырышы керекпи? 

– Мамлекеттик бийликтин негизине чоң балта чаап жаткан Абировдой абийири жоктор тууралуу президент өзүнүн принципиалдуу пикирин сөзсүз айтышы керек. Президент оппозиция тууралуу эле сын пикир айтпастан, бийликке жамынып алып, кылмыш иштерге барган Абиров тууралуу калыс жана акыйкат сөзүн айтса эл ыраазы болмок. 

– Мүмкүн анын бул аракетине маани бербей койгонубуз оңдур?.. 

– Маани беришибиз керек. Керек болсо башкаларга да сабак болгулай чара көрүшүбүз зарыл. Себеби, Абировдун азыркы аракети өзүнчө эле айыкпай турган «ооруга» айланып, метастаз бере турган абалга жетип калды. Ошондуктан жалпы баарыбыз бул көрүнүштөн жыйынтык чыгарышыбыз абзел. Болбосо бийликтин кадыр-баркын биротоло тебелеп, өлкөдө болуп көрбөгөндөй башаламандык өкүм сүргөн заманга жетебиз. Эсибиз барда этегибизди жыялы, туугандар! 

P.S. Ж.Абировдун талапкерлиги алынганга чейин Т.Акун БШК төрайымы Н.Шайлдабековага кайрылып, эскертүү бергени кабарлады. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер