“Бул Монро эмес, сиз Кеннеди боло албайсыз!” деп кыйкырдым

(Малика Динага!)
Түшүмө кирип атыпсың. Курбу кызың үчөөбүз чер жаза отурабыз. Алма бактын арасында. Керемет кооз жер. Дасторкон үстү дүр-дүйүм тамак-аштар. Кычкыл суудан да ууртап, күлкү аралаш жакшы маектеше баштаганбыз. Аңгыча эле жолтандабас бизге жакын келип токтоду. Сен болсо элеңдей карап, бир нерседен коркуп кеткендей болдуң. Мен тоготуп да койгон жокмун. Чалкалай отуруп, алып аткан элүү граммды лактырып ийдим. Күтүүсүздөн эле узун бойлуу жигит басып келип, “Малика, тезинен машинага отуруңуз?” деди. Сен тура жөнөдүң. "Эй, коё турчу, сен кимсиң?” деп тиги эргулду торой чала тура калдым. Тиреше кеттик. Ушул арада жолтандабастын арткы айнеги ылдый түшүп, кара көз айнекчен мага тааныш байке көзгө урунду. Жылмайган калыбында сөөмөйүн кезеди. “Талашпа...” дегендей ишарат кылды. Ордума отура кеттим. “Кандайча?” дедим. Ал алаканын булгалап, “телефон чалам” деген ишарат көргөздү... “Бул Монро эмес, сиз Кеннеди боло албайсыз!” деп кыйкырдым.
Ойгонуп кеттим...
Арстан
"Азия Ньюс" гезити