Саясатта катуу кыйкырыктар: элди козутуу башталабы?
Буга чейин тажиктер менен байма-бай чек арадагы чатактар, андан кийин өзбектер менен жаңжалдашууларга күбө болдук. Ошого катар өлкөдөгү күндө катталган коронавирус апааты токтобой келет. Өлүмдөр. Күн алыс, улам эле бийлик короосунда мүдүрүлүп жаткандар...
Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев аппарат башчысы Самат Кылжыев менен коррупцияга шектелгени кыжырды кайнатты. УКМКнын кызматкерлери, ж.б. камалышты... Ал эми экономика эңшерилип, өндүрүш, орто-кичи бизнестер телчиге албай, жумушсуздук курчуп турган шартта, өкмөт башчы радио жыштыгындагы миллиондордун “солго кеткенине” айыпталып, аргасыздан убактылуу эс алууга чыгып кетти.
Бир жагынан Кой-Таш окуясына байланышкан саясый салгылашуунун соту жанданып, бийлик менен оппозициянын эки жаат болгон тарапташтары кыйкырык-чуу жаратышып, кайсы бир деңгээлдеги тирешүүнүн коркунучуна алып бараткансыйт. Ушул убакка чейин өздөрүн “саясый туткун” катары эсептешкен бир катар атактуулардын түрмөдө жатышканы, сот процесстердин барган сайын коомчулукту козгой башташы эмнеден кабар берет? Бийликтин пиар кампаниядан аксаганы, маалыматтык согуштан утулуп келатканы да олуттуу коңгуроо кагууда. Фейктерге, троллдорго ишенүү идеянын төркүнүнө жетүүгө жол чаппай турганын, тескерисинче, андай ыкмадагы күрөшүү ийгиликсиз болорун качан сезишет? Президенттин жана айрым жетекчилердин кылган иштери көп учурда элге жетпей, жадагалса бурмаланып калып атканы эмне деген чоркоктук?..
Сот, күч органдары адам укуктарына, сөз эркиндигине шек келтиришип, басмырлап жатышканы жакшылык жаратышпайт да! Акаев, Бакиев жана Атамбаевди да атайын кызматтар, генералдар адаштырышып, аңга тыгышканы ырас. Береги экс-президенттер кызматтарынан кетишкен соң, генералдарды, атайын кызматтарды жамандашкан, себеби, алар туура маалымат жеткиришпей, алдыны көрө билбегендиктен улам түпкө жетүүнүн жолун чабышкан тура. Кечээги кайталанчу көрүнүштөрдөн Сооронбай Жээнбеков да сабак алып, кадрдык жаңыланууга, тазаланууга чечкиндүү түрдө барышы зарыл! Эртең баары кеч болуп калбайбы? Көзгө өздөй көрүнүп, бузукулукка баргандан Кудай сактаса...
Күзгө карай парламенттик шайлоонун шайтан оюндары башталат. Эл карап турат. Бийлик партиялары татыктуу талапкерлерге басым жасашпаса, кесипкөй, ар тармактан тажрыйбалуу адистерди тарта алышпаса, анда эмне болот? Жалаң эле акчага чиренгендер, көчөдөн келгендер мандатка жулунушса, аягы жакшы бүтпөй калат го? Эки ортодон оппозициялык партиялар күч алышып, бийликтин душмандары барган сайын көбөйө берсе, өтө коркунучтуу. Балээнин баары аягында тымпыйгандардан, же кошоматчылардан чыгат эмеспи.
Айтор, терең ойлоно турган кез келди. Быйыл саясый сахнада катуу кыйкырыктар чыгып, элди козутуу менен бүтпөйбү?..
"Азия Ньюс" гезити