Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Баткендеги ишкерлердин кредиттерин кечүү абдан жакшы болду”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Баткендеги ишкерлердин кредиттерин кечүү абдан жакшы болду”

12-май, 09:00
410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Тагыраак айтканда, чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталууда. Долбоор боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Баткен окуяларына байланыштуу бир топ киши ошол учурда 200 миң сом өлчөмүндө ыкчам жардам алышкан. Ошондуктан, бүгүн ал акчалар кечилип жатканы абдан жакшы нерсе. Алардын кайрадан бутка туруп, бизнесин кайра өнүктүрүүсүнө аздыр-көптүр көмөк болот деп ойлойм. Бир гана нерсе, мындай жардамдар ушуну менен эле токтоп калбай, мындан ары да улантылышы керек. Анткени, чек арадагы кейиштүү окуялар учурунда ишкерлердин кээ бирлери миллион сомдук, кээ бирөөлөрү андан да көбүрөөк зыян тартышты. Анан 200 миң сом эмне болмок эле? Андыктан, жардам көрсөтүүнүн жаңы механизмдерин ойлоп табуу зарыл.

-- Бүгүн жалаң ишкерлерге берилген карыздар кечилүүдө. Алардан башка да эч кандай бизнеси жок, бирок үй-мүлкүнөн, мал-жандыгынан ажыраган башка да жарандар бар. Алар да унутта калбашы керек го?

-- Туура. Үйлөрү күйүп же талкалангандарга турак жай салынып берилип жатат. Бирок, сиз айткандай, үй буюмдарынан, жыйнаган аздыр-көптүр акчаларынан ажырап калгандар да көп. Аларга дагы каражат жагынан жардам көрсөтүлүүгө тийиш. Колдон келсе, чакан болсо да бизнес ачып, бутка туруп кете турган жардам берүү зарыл.

-- Кечилип жаткан каражаттын жалпы суммасы 15 миллион сом экен. Бул бюджетке оорчулук деле келтирбесе керек?

-- Жок. Эч кандай оорчулук келтирбейт.

-- Учурдагы экономикалык абалыбызга кандай баа бересиз? Түркиядагы шайлоонун таасири тийбейби?

-- Экономикалык абалыбызга токтолсом, биринчи квартал план аткарылды, айрым көрсөткүчтөр ашыгы менен 102-104%га чейин болду. Бул деген акча жагынан тартыштык болбойт жана болжолдонгон экономикалык өсүү бар экенинин белгиси. Түркиянын негизи эле чоң геосаясый таасири бар. Чоң мамлекеттерде кандайдыр бир саясый окуя же экономикалык жагдайлар болгон учурда, өзгөчө соода-сатык жүргүзүп турган мамлекеттердин да социалдык-экономикалык абалы бизге таасир берип турат. 

Эми Түркия мамлекети жаңы президентин шайлашат. Биздин өлкөгө көз карашы жакшы болгон мыкты саясатчы адамды шайлап алышсын (!) деген тилектемин.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер