Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адина Досумбетова, журналист: “Сүйүнчү пулдан да олуттуу көйгөйлөр бар”

Адина Досумбетова, журналист: “Сүйүнчү пулдан да олуттуу көйгөйлөр бар”

18-ноябрь, 20:54
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамлекет көп төрөгөн энелер үчүн сүйүнчү баасын көтөрдү. Бул коомдо түрдүү талкууларды жаратууда. Журналист жана жаш эне катары кандай ойдосуң?

-- Ооба, сүйүнчү пул боюнча коомчулук кабарды олуттуу кабыл ала албай жаткандай сезилүүдө. Көп балалуу болууга жаш энелерди мамлекеттин үндөп жатканы жакшы нерсе. Акыркы учурда бир-эки баладан кийин эле токтоп калгандар аябай көбөйүп жатат. Мурда мындай учурлар абдан аз катталчу. Мисалы, менин апам жети бала, таенем сегиз бала төрөгөн. Мен азыр отуз жаштамын, бир эле балам бар. Апам отуз жашында жетөөбүздү тең төрөп бүткөн. Азыркы учурда бир-эки балага да шүгүр деп калдык. Балким, бул замандын талабына жарашадыр... Балким, аз балалуулар көп болуп жатканына байланыштуу мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыгышса керек. Бирок, сүйүнчү пулдан да олуттуу көйгөйлөр бар. Биринчиден, энелердин саламаттыгы. Мисалы, “Дени сак эне – дени сак бала” деп ушул жагына аябай көңүл буруш керек. “Кош бойлуу аял төрөгөнчө баардык медициналык кароолор акысыз болууга тийиш” деп мыйзамда каралганы менен ал иш жүзүндө иштебейт. Өзүң катталган бейтапканага барсаң, катуу оорусаң деле “баары жакшы” деп жаза бермейлери бар. Өзүң бир нерсени сезип, ичиң чыкпай жатса, жеке клиникаларга барып дарыланышың керек. 

Ошондой эле “беш жашка чейинки балдарга баардык медициналык кароолор акысыз” дешет. Бирок, арзыбаган дарылар эле акысыз берилип калбаса, башка баардык жагдайларда төлөөгө аргасызсың. Балким, буга медиктерге мамлекет тарабынан ойдогудай көңүл бурулбаганы да чоң себеп окшойт. 

-- Соңку жылдары ажырашып кетишкен үй-бүлөлөр да арбып баратканы өкүнүчтүү...

-- Ооба, ошону менен бирге акыркы учурда балдарын жалгыз бой багып жаткан энелердин саны да көбөйдү. Анүчүн “төрөгүлө” деп айткандан мурун аталардын да жоопкерчилигин күчөтүш керек деп ойлойм. Себеби, аталар бир-эки баланы төрөтүп коюп, ажыраша беришсе, ал бала апасына гана керектей сезилип калат. Апалар алиментке жазса, суммасы жарыбаган эле акча. Ошону да төлөбөй качышат. Алар чет өлкөгө чыгып кетишсе, алып келип төлөтө алышпайт, качан гана Кыргызстанда келгенде кароолору мүмкүн. Биздин мамлекетте мыйзам ушундай экен. Андай аталар мыйзам боюнча жоопко дээрлик тартылбайт. Алименттен коркушпайт. Себеби, алименттин өлчөмү бир “обеддин” акчасына барабар. Бир тааныш кызым “290 сом алимент чыгарып берди” дегенде, “жөн эле кой дебейсиңби” деп күлдүм эле.

Кээ бир өлкөлөрдө төрөлгөн балдар эки жашка чыкканга чейин пособие, сүт ж.б. азыктар менен камсыздап беришет. Бизде деле атамекендик өндүрүштү колго алып, сүт азыктары ж.б. менен камсыздап берсе болот. Бул дагы баланын ден соолугуна кам көрүү катары эсептелет. 

-- Жетишсиз жашоонун айынан төрөп эле жумушка чыккан аялдарга камкордуктар көрүлбөгөнү байкалат го?

-- Заман талабына ылайык, көптөгөн энелер кичинекей бөбөгүн таштап, иштөөгө мажбур болуп жатышат. Мындайда эне “баламдын муктаждыктарын аткара албай жатам” деп өзүн жейт, жетекчиси жумушту так аткаруусун талап кылат, үй иштери сыяктуу жашоонун ырайымсыз талаптары...

Жетекчи колунда иштеген аялды эне катары көргүсү келбейт. Анын дээрлик күткөнү – бир гана жумушун так аткаруусу. Эң түшүнүктүү жетекчи да кызматкерин төрөттөн кийин бир нече ай жумушун таштап туруусун жактырбайт. Кош бойлуу экенин билгенде эле ордуна кызматкер издеп баштайт. Төрөгөн аялга ишкана наристенин физиологиялык жана руханий өнүгүшүн эске алып, алгачкы жылдары иштебей үйдө отурса да, маянасын токтотпош керек деп ойлойм. Ушул жана башка бир топ маселелер бар.

Баары ойдогудай каралса, биздин кыргыздын келиндери миллиондорду сунуштабаса деле өздөрү эле көп бала көрүүнү жактырышат. Жандүйнөбүз тынч, көңүлүбүз ток болуп, Кудайым берсе, төрөй беребиз. Баарыбыз Баатыр эне болуп кетели!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер