Акыркы кабарлар
22:58
» Жанирмем » Күйөөмдү алдап жүрөм, аялдык амалымды кантип угузсам?
Күйөөмдү алдап жүрөм, аялдык амалымды кантип угузсам?
27-январь, 20:10

Жакында 27 жашка толом. Кичинекей кезимде ата-энем автокырсыктан каза болуп, мен чоң апамдын колунда өстүм. Мектепте окуп жүргөндө кошунабыздын баласы мени сарайдан алдап зордуктаган. Бул жөнүндө эч кимге айтпай жүрдүм, азыр дагы эч ким билбейт. Анан үч жыл мурун кыздыгымды тиктирип, жакшы бир балага күйөөгө тийгем. Азыркы күнгө чейин ошол мектептеги окуя башымдан кетпейт. Аны эстеген сайын санаага батам. Мен күйөөмдү алдап жүрөм. Аябай уялып жатам. Ошол кичинекей кезимдеги сырымды, кыз эмес тийгенимди айтып берсемби? Аябай жаман болуп жатам... Эмне кылсам болот? Кеңешиңизге муктажмын?..
Айнура