Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Туура эмес желекти коргоп, Баткенде балдар курман болгон экен...”


-- Акбөкөн Дүкенович, улуттук туубузду өзгөртүп жатканыбыз канчалык туура болду деп ойлойсуз? Демилгечилердин аргументи сизди канчалык ынандырды?
-- Биз негизи эмнени өзгөртөбүз? Туура эмес жасалган нерсени. Демек, биз ушунча жылдан бери туура эмес желектин алдында бараткан экенбиз да. Туура эмес желекти коргоп, Баткенде балдар курман болгон экен... Менимче, бул өтө ашыкча нерсе. “Легендарлуу парламенттин” депутаттары, биздин улуу агаларыбыз, аталарыбыз кабыл алып жатканда түндүк эмес башка нерсени койгондо мүмкүн бүгүн желегибиз башкача болмоктур. Кеп анда эмес. Кеп бир жолу жасадыкпы, бүттү. Эгер биз чындап эле мамлекетчил, мекенибизди сүйгөн адам болсок, бирдемеси туура эмес болсо деле туура деп айтышыбыз керек. Желек – бул символ. Желек үчүн эмес, символ үчүн балдар курман болуп атат. Анан бул биринчиси. Экинчиден, элестетсеңиз, эртең паспортубуз, машиналарыбыздын номерлери мыйзамга дал келбесе, туура болобу? Казакстанга баратсак, токтотуп алып, паспортубузду сураса, биз берсек, алар “бизге башка символ келген” деп кайра кайтарып жиберсе, эмне кылабыз? Алардыкы туура болот. Эртең миллиондогон паспортторду, номерлерди алмаштыруу боюнча бирөө айтып чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт? Ошондуктан, символдорду кабыл алдыкпы, 30 жыл жашадыкпы, кете бериш керек болчу.
-- Демилгечилер “бюджеттен эч кандай каражат талап кылынбайт, болгону чет элдердеги дипмиссияларда турган тууларыбыз гана алмашат” деп айтышпадыбы?
-- Алар деле эркек да. Биз эркектер үйлөнүп атканда кыздарды кандай гана алдайбыз, “машина алып берем, үй алып берем” деп. Анан үйлөнгөн соң бирдекени шылтоолоп, этек-жеңибизди күбүнүп чыга беребиз. Төрага президент эмес, өкмөт башчысы да эмес. Президент айтса, анда ишенсек болот эле. Биз мыйзам эле чыгарабыз да. Эгер мыйзамга “күчүнө он, же жыйырма жылдан кийин кирет, ага чейин паспорттор да, машиналардын номурлары да алмашпайт, бүгүнкү алгандар эски желек менен жүрө беришет” деп жазып койсок, анда башка кеп эле. Мыйзамда андай жок болуп атпайбы. Жасалып калган паспортторду эмне кылабыз? Миңдеген паспорттор бар да, жасалып, кампада турган. Жаңы алып аткандарга жаңы паспорт беришибиз керекпи? Тендерден утуп, бизге басылып келген жаңы паспорттордун баары эми жарабай калат да. Кайра жаңы проблема башталат. Меним оюмча, мындан көрө башка проблемаларды чечсек болот эле. Ошол убактагы “легендарлуу парламентти” сыйлашыбыз керек. Кадыр-баркы аябай жогору адамдар, академик, профессорлордун баары отурган, деңгээли менин оюмча, бүгүнкү парламенттен бир топ жогору болчу.
"Азия Ньюс" гезити











