Райым Матраимовго каршы буйрутма алган Али Токтакунов чагымчы беле?
“Топурагы жеңил” деген кеп бар кыргызда. Кандай сөздөр болбосун жабыша бергендерге айтышат. Анын сыңарындай, Райым Матраимовго буга чейин Али Токтакунов бир катар чагымчылык маанайындагы жалааларды жаап келген, алгач эл арасында түшүнбөстүк жаралып, бирок, акыры чындык чыгуу менен кимдин-ким экени талданууда.
Башында Али Токтакунов “700 миллион долларды Райым Матраимов өлкөдөн чыгарып кеткен” деп “иликтөө” жасап, элдин башын айлантканга жараган. Бул боюнча коомчулукта талаш-тартыш жаралып, натыйжада, тергөө тобу иштеп, депутаттык комиссия да түзүлүп, акыры жыйынтыгы чыкты. Комиссия төрагасы Талант Мамытов: “700 миллион доллар эмес, 932 миллион доллар аныкталды. Аталган каражаттар тергөөдө Кыргызстандын Кара-Суу жана Өзбекстандын Абу-Сахий базарларындагы жеке ишкерлердин акчасы экени тастыкталды. Биздин комиссия да ушул жыйынтыкка келди” деп расмий маалымат таратты.
Мындан сырткары, Стамбулдун мурдагы консулу Эркин Сопоковдун УКМКга берген көрсөтмөсүнөн алсак, “Азаттыктын” иликтөөсүнөн пайдаланып, Саймаити 800 миң долларды кайтарып алуу кызыкчылыгы шардана болгон. “Токтакуновдун биринчи көрсөтүүсүнөн кийин Хабибулла Абдыкадырдан Айеркен Саймаити 300 миң доллар, андан кийин 200 миң доллар өндүрүп алганын, ошонун негизинде Айеркен “Али Токтакуновго 100 миң доллар беришим керек” деп айтып, ошол акчанын жарымын бергенин Эркин Сопоков шардана кылды. Саймаитинин жанында жүргөн адамы далилдеди...” деп депутаттык комиссиянын төргасы Талант Мамытов билдирди.
“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, алгачкы көрсөтмөлөрдүн негизинде Али Токтакуновдун жүзү ачылып, мындан ары да айныксыз фактылар менен буйрутма аткарган каралоочу катары бети түгөнөбү? Анын качып жүргөндөгүсү эле чоң шекти жаратты го? “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бүтүндөй журналистика айдыңын булгап, жеке кызыкчылыгы үчүн акчанын кулуна айланып,“Азаттыкты” пайдаланып, аягында кадыры какшып калганы ушулбу? Жолуң болгур!..
Aryba.kg