Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирбек Мияров: “Сиздердин добушуңуздарды коргоп, ошону менен бирге күрөшөбүз!”

Мирбек Мияров: “Сиздердин добушуңуздарды коргоп, ошону менен бирге күрөшөбүз!”

30-ноябрь, 15:39
1 733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Урматтуу шайлоочуларым!

Урматтуу партиялаштарым!

"Ордо" партиясынын талапкерлери аз акча кетирип, натыйжалуу шайлоо кампаниясын жүргүздүк. Эл аралап шайлоочулар менен түз иштедик.   Чын жүрөктөн колдоп жатканыңыздарды сезип турдук. Шайлоонун жыйынтыгы эки башка чыгып жатканы күмөн туудуруп жатат. Биздин талапкерлердин эки миң добуш алгандары БШКнын кийинки жыйынтыгы боюнча 268ге чейин түшүп калганы чоң суроо жаратат...

Биздин тарапташтар, башыңыздарды бийик көтөрүңүздөр. Эч качан чөкпөгүлө! Жеңиштер али алдыда! Бул күндөрдө баарыбыз чогуу болуп, сиздердин ар бир добушуңуздарды коргоп, ошону менен бирге күрөшүүгө даярбыз!” деп Мирбек Мияров Фейсбукка пост жазды.

Эске салсак, ал эки күндөн бери дайынсыз жоголуп жаткан. Коомчулук чуулдап... Көрсө эч кимге айтпай эс алып жүрүптүр. Мына сага тамаша!
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер