Күйөөмө жармашып тийгем, эми жалдырап, жармашып жашайм
Жети жыл мурун жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп эле үйлөндүк. Бирок, өзүм анын артынан чуркап, өзүм чалып, өзүм жазып, таарынышып кетсек өзүм биринчи кечирим сурап, жабышып тийдим. Ушунчалык сүйүп калдым. Көзүмдү май басып калды. Бирок, ал мени сүйбөстүгүн билчүмүн. Мага болгон мамилеси корс болсо да баарына көз жумдум. Ансыз жашоомду элестете албай калдым...
Ошентип арадан жети жыл өтсө дагы баягы жолдошум такыр өзгөргөн жок. Ортобузда балдарыбыз бар, мен болсо аны дагы деле мурункудай сүйөм, жашоомду ансыз элестете албайм. Эркек сүйсө жашоо сонун болот, эркек сүйбөсө эптеген эле жашоо өтө берет экен. Азыр ушунчалык кыйналып кеттим. Күйөөмдөн жылуулук жок. “Ажырашам, сени жакшы көрбөйм” десе дагы жалдырап жашайм. “Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” дегенди кеч түшүндүм...
Гүлнура