Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизге парламенттик шайлоонун чыр-чатаксыз, тынч өткөнү жарашпайбы?

Бизге парламенттик шайлоонун чыр-чатаксыз, тынч өткөнү жарашпайбы?

19-сентябрь, 18:18
1 255 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Күздүн келиши менен ар кандай саясый күчтөрдүн оюндары байкалууда. Туруктуулукту камсыздай алабызбы? Парламенттик шайлоонуy шылтоосунда чыр-чатактар чыкпайбы? Кандай сунушуңуз бар?” 

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- Саясый күчтөрдүн оюндары жылдын ар кыл мезгилинде болуп келген, боло бермекчи. Бирок, ушул бийликтин тушунда өтө байкалууда. Анүстүнө парламенттик шайлоонун кайсы күндө өтөрү да белгиленип, баардык саясатчылар жайкы эс алуудан келишти. Чет-четтен жандануулар байкалууда. Ошондон улам мамлекеттеги туруктуулук жөнүндө, андагы көп факторлорду камтыган экономика, айыл чарба жааты, баалардын өсүшү, саясый туруктуулуктар тууралуу аламандын алдында саясатчылар айтып чыгышат. Албетте, бизде ар бир шайлоо чыр-чатаксыз өтпөй калган. Баштала электе эле адаттагы коркутуу, камакка алуу жагдайы жок эмес. Бийлик эң ириде элдин колдоосуна ээ болуу жагын ойлоп иш кылса, мындай жат көрүнүштөр болмок эмес. Чыр-чатактар жөн эле жерден чыга бербейт. 

Асылбек Жоодонбеков, эксперт:

-- Азыркы бийликке такыр эле ичим чыкпай жатат. Себеп дегенде, элди бириктирүүгө, кызматташууга чакырбастан, бөлүп-жарууга “биздикилер жана каршылар” деген сыяктуу саясат байкалат. Ооба, азыркы шартта ар кандай саясый күчтөр жанданышы мүмкүн. Бирок, эң негизгиси, бийликтин аракетине жараша болот. Эгер бийлик мыйзамды туу тутпай, коркутуулар, жакындарын бийликке тартып баруу аракеттерин токтотпосо, анда элдин кыжырдануулары күчөп, кайра эле баягы таз кейпибизди кийебиз. Албетте, “парламенттик шайлоо чыр-чатаксыз, тыптынч өтөт” деген бизге жарашпайт. Анын бирден-бир себеби, кээ бир эл өкүлү болууга умтулган талапкерлер мекенди, өлкөбүздүн өнүгүшүн ойлоонун ордуна жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшуп, мыйзамды тебелеп-тепсөө, добуштарды сатып алуу, соцтармактар аркылуу фейк аккаунттардан каралоо иштери менен алектенишүүдө. Башынан эле бийликтин партиясынан, админресурстарды колдонуудан чыр-чатактар чыгып келет. Биз ушундайды токтотуубуз керек. Өткөндөн сабак албайлыбы?..     

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Бийлик структурасы туура эмес түзүлүп, Конституция тескери ылайыкталган. Алган багыты чаржайыт, түшүнүксүз өлкөдө жаз, күз же кышка карабай ар дайым түрдүү карама-каршылыктар, саясый оюндар жүрө берет. Мындай шартта туруксуздукка жол ачылат. Ага жол бербей коюу да оңой, аралаш шайлоо ыкмасын көпчүлүк жактырбай жатат. Же ары эмес, же бери эмес дегендей. Прогрессивдүү күчтөр, демократиялык баалуулуктарды түшүнгөндөр бириксе жакшы болмок. Шайлоонун шайтан оюндары, анын кесепетинен улам нааразылык сөзсүз болот, тилекке каршы, эмне кылабыз? Акыл-эстүүлөр, мекенчилдер, бириккиле, Ата журт кыйын күнгө кабылды. Аны моюнга алышыбыз керек. 

Бөдөш Мамырова, коомдук ишмер:

-- Чектен чыккан саясый оюндар боюнча азырынча кабарым жок экен. Бирок, шайлоого байланыштуу түрдүү пикирлер жаралып, акырындап кыймыл-аракеттер болуп атат. Бул, албетте, кадыресе күтүлгөн иш-чара. Анткени, шайлоого катышууну каалгандар өз аракеттерин жүргүзүп баштады, мындан ары да улантат. Туруктуулукту камсыздап, чыр-чатакка жол бербөөнүн бир эле жолу бар: бул – бийликтин мыйзамдын негизинде эч кимге артыкчылык көрсөтпөй, өзгөчө тартип менен шайлоону таза өткөрүү, шайлоочулардын эркин тандоосун, добуш берүүсүн камсыз кылуу жана шайлоонун жыйынтыгы адилеттүү чыгаруу... Болду, биздин элге азыркы тапта ушул гана керек болуп турат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер