Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирус жуктургандардын үчөө Бишкек шаарынын тургундары
Коронавирус жуктургандардын үчөө Бишкек шаарынын тургундары
25-март, 15:50

25-март саат 15:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын жуктурган эки жаран катталды. Алардын бири 1960-жылы туулган эркек киши, Бишкек шаарынын тургуну (коронавирус жуктурган жаран менен байланышта болгон), экинчиси – 1985-жылы туулган эркек киши, Чүй облусунун Москва районунун тургуну. Ал Дубайдан келген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматоваонлайн маалымат жыйында билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 жаран аныкталган.
Алардын ичинен:
Ош облусунда – 20;
Жалал-Абад облусунда – 19;
Бишкек шаарында – 3;
Чүй облусунда – 1;
Баткен облусунда – 1.