Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курултайда Кыргызстандын келечегине кандайча көз чаптырабыз?

Курултайда Кыргызстандын келечегине кандайча көз чаптырабыз?

25-ноябрь, 09:00
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курултайлар тарыхта тагдыр чечүүчү роль ойногон, аны терип-тепчип айтпай эле коёюн. Эгемендиктин мезгилинде өтө чоң максат менен “Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайын” өткөрдүк. Бирок Кыргызстандан башка өлкөлөрдө бир дагы “күрөккө тура турган” кыргыз жок экен. Бакиевдин “Ынтымак” курултайына да “биз элитабыз, кыргыздын каймагыбыз, биз кыргыздын акылы, ар-намысыбыз” деген аксакал-көксакал баатырларыбыз чогулган (сүйлөгөн сөздөрүн азыр деле карай коюңуздар).

Мына эми “накта элдин өкүлдөрү” деп жатабыз. Жалгыз эле тилек: “жол, мектеп салып берем, таза суу чыгарып берем” деген күнүмдүк көйгөйлөрдөн өйдөрөөк туруп, бул ааламдашкан заманда “Кыргызстандын келечеги кандай болот? Ал үчүн азыртан эмне кылыш керек?” дегендей маселелер коюлса. 

Курултайдын делегаттары депутаттардан талашып, жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн алагды кылып, ремонт, суу, мектеп ж.б. деп элдин атынан эптеп эле “жогору жакка” көрүнүп коёюн (!) деп жулкунгандардын чоң армиясын пайда кылбайбы? 

Эмнеси болсо да, илгери үмүт, жакшы тилек менен курултайдын ишине ийгилик каалайлы. Буюрса, курултайдын жыйынтыгына жана алган чечимдерине өз оюбузду айтарбыз.


Жолборс Жоробеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер