Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сегизбаев менен Усенов сызып кеткен пиар ыкманы өзгөртпөйсүңөрбү?

Сегизбаев менен Усенов сызып кеткен пиар ыкманы өзгөртпөйсүңөрбү?

23-декабрь, 16:10
941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы режимдин тушунда Абдил Сегизбаев менен Алмаз Усенов оппозициялык саясатчыларды, бейөкмөтчүлөрдү, сын-пикир жазган журналисттерди фейктер менен шыбатып, ошондон маашырланып калышчу. Бул экөө өз билгендерин кылышканы, андагы президент Атамбаевге тескери маалымат жеткирүү менен коомдогу саясый күчтөрдү карама-каршы коюунун кыныгын алышып, баарын душман кылып бүтүшкөн. Ток этери, кара боек сүртүүнүн жогорку үлгүсүн көрсөтүшкөн да.

Ал эми бүгүнкү күндө өзгөрүү барбы? Кайдагы?! Ошол эле Сегизбаев менен Усенов сызып кеткен пиар ыкманы улантуунун жолунда келатышат. Президенттин иш аракеттерин чагылдырууда жаңычылдыкты, көңүл бурдура турган маалыматтарды бере албай келишет. Ансыз да өкмөттүн, аткаруу кызматтарынын чабалдыгы дээрлик системаны туташ кризиске байлап, элдин нааразычылыгын жарата баштады. Күч органдары да кедеринен кетти. Көз менен көрүп, жон териң менен сезе тургандай алдыга жылуулар болбой калды эй! “Эшегине жараша тушагы” дегендей, мындай шартта пиар-менеджерлик табылгалар да болгон жок. Күн өткөн сайын саясый кризиске, чыңалууларга, коомчулуктун жарылуусуна бараткандайбыз. Сергек мүнөздө, караңгыдан көз тапкандай аракеттерди кылса болбойбу? Же эл көчөгө кылкылдап чыкканда ойлоносуңарбы? Анда кеч болуп калат. Мамлекеттин эртеңки күнү менен ойнобош керек!

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер