Акыркы кабарлар
» Саясат » Айжан Садыркулова кандай жолдорду басып өткөн?
Айжан Садыркулова кандай жолдорду басып өткөн?
08-февраль, 12:20
1 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов ээлеп келген эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Айжан Садыркулова дайындалды. Ал коомдук ишмер маркум Медет Садыркуловдун кызы.
Садыркулова Айжан Медетовна 1979-жылы 15-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2001-жылы Кыргыз-Орус славян университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Эмгек жолу:
2001-2004-жылдары “Партнер” юридикалык фирмасы, адвокаттын жардамчысы;
2004-2016-жылдары КР Улуттук банкында юрист, юридикалык бөлүмдүн башчысы, юридикалык башкармалыктын начальниги, башкармалыктын мүчөсү;
2016-жылдан ушул убакка чейин КР эсептөө палатасында аудитор.