Аскар Сыдыков: “Пандемия, ковид, кризистен кийин бюджетти толтуруу оңойго турбайт”
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.
-- Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүгө болгон факторлорду атады эле. Андан бери убакыт жарым айга чукулдап барат, аткарыларына ишеним барбы?
-- Экономикалык өнүктүрүүгө болгон факторлор туура. Айрыкча үч фактор: технология, технологиянын жеткиликтүүлүгү жана адам капиталы аябагандай маанилүү. Ушул үч фактор дүйнөлүк экономиканын мыйзамдары десек болот. Кандай өлкө болбосун баарына тийешелүү жана баарына керектүү факторлор. Андан сырткары, бюджетти толтуруу, бюджеттин көлөмүн көбөйтүү боюнча максаттарга карасак, аларга жетүү абдан кыйын. Оңойго турбайт. Кандай жолдор менен ишке ашырыларын жаңы өкмөт курамы, министрлер кабинети кыскача эле айткан. Деталдарын дагы уга элекпиз. Ошондуктан бул максаттар аткарылабы-аткарылбайбы, белгисиз. Биз айта албайбыз.
Албетте, жалпысынан ушундай пандемия, ковид, кризис учурунда бюджеттин кирешесин көтөрүү оңойго турбайт. Азыр дүйнө жүзүндө мамлекеттердин баары бизнести колдоо, тескерисинче, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу, алгылыктуу реформаларды жасоо боюнча иштеп жатышат. Ошондуктан экономикалык реформаларга либерализациялоо боюнча басым жасалса жылыштар болмок. Либерализация бюракратияны кыскартуу, санариптештирүү, мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу болуп саналат. Алар бизнеске жардам бере алса, өнүгүүгө өбөлгө болмок. Жаңы министрлер кабинетине ийгилик каалайбыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити