Сооронбай Жээнбековдун оор кылмыштары үрөй учурабы?
“Оптима Банктын” кутучасынан 1 миллион доллар Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалганын камактагы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Бул өңүттөн териштирүү башталган эле. Тилекке каршы, Соке сотко келбей, ажылыкты шылтоолоп качып кетти.
Ал ортодо “Үмүт” кыймылы түзүлүп, өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрүндө оор жаракат алгандар, Үмүттүн өлүмүнө коштолгон ондогон жабырлануучулар арызданышып (аянтта жабыр тарткандар миңге чукул), бул жааттан да чоң резонанс жаратышууда. Сокеге каршы оор кылмыштар ачыкталарына шегибиз жок. Желдеттери Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Өткүрбек Жамшитов да айыпталышары ажеп эмес. Эгерде мыйзамдуулук талап кылынса...
Мындан сырткары, Кой-Таш окуясында Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчыларды эч негизсиз каматып, каралатып, аларга кошуп ондогон патриотторду да түрмөгө тыктырган Сооронбай Жээнбеков болгон. Төрт жүздөй жергиликтүү тургундар ар кандай жаракаттарды алышып, ооруканага бара алышпай кыйналышкан эле. Эски бийлик куугунтук жасап, адам укуктарын да бузган. Бул жагынан анын кландык тууганчылык кадрлары, салиевдер жана береги күч органдарынын жетекчилери менен камалары айкын...
Камакта жаткан Мухамметкалый Абылгазиев Кумтөр, радио жыштыгы боюнча көрсөтмө бериши мүмкүн. Ошол эле кезде Сокенин айынан Курманбек Дыйканбаев да түрмөдө жатат, ал дагы “Дастан” заводунан чыгарылган миллиондорду айтып, жогорку жетекчиликтин тапшырмасы менен жаза басканын ачыктайбы?
Кыскасы, Сооронбай Жээнбековдун карапайым калкка кылган кыянаттыгы, оор кылмыштары жакында аттын кашкасында даана көрүнөрү ырас. Бирок, умраны шылтоолоп качып кетти. Алманбет Салиев аркылуу коррупцияга малынганы, “кол баласын” жумшоо менен мамлекетке көп кыянаттык кылганы аз күндө тизмектелсе керек. Бул жагынан маалыматтар түшүүдө. Биз анализдеп, коомчулук менен бөлүшөбүз.
"Азия Ньюс" гезити