Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Дем алдыруучу аппараттар азыр деле келе элек”

Калдарбек Абдраманов: “Дем алдыруучу аппараттар азыр деле келе элек”

18-июнь, 12:38
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Зелгилүү дарыгер Калдарбек Абдраманов “Би-Би-Сиге” берген маегинде төмөндөгүлөргө токтолгон.

"Албетте, бирөөнү сындаган оңой. Бирок башында өлкөгө киргендерди, чыккандарды көзөмөлдөсө, медицинаны акыбалын көрүп туруп, инфекция бейтапканаларды оңдоп, керектүү жабдыктарды алып, даярдансак болот эле. Биз анткен жокпуз, дем алууга жардам берген аппараттар азыр деле келе элек. Анан “экинчи толкун болсо, эмне болот?” деп талкуулап жатабыз. Эгерде мындай жол менен барсак, экинчи толкунга туруштук бере албайбыз. Жок дегенде областтык борборлордо талапка ылайык жеңил-желпи салынган бейтапкана болсо. Инфекция менен күрөшкөн, изоляторлор менен, эки жагынан чыкма атайын эшиктери менен жүз киши бата турган оорукана салсак болот эле да. Алты жүз кишиге ылайыктуу оорукана салууга күчүбүз жетпейби? Кантип жетпейт? Азыр инфекция борборлордун көбү жабылды. Ооруканалардын жабылганына күйгөн жокмун, дарыгерлердин ресурстары түгөнө баштаганына тынчсызданып турам. Адашпасам инфекция бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин жарымынан көбү ооруп калды окшойт..."

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер