Тазабек Икрамов мандатын тапшырбаса камалмак экен

Жогорку Кеңеште бийликке каш кайтарып, сындап, эркин оюн айта алган жалгыз Тазабек Икрамов калган эле. Тилекке каршы, ал дагы өз арызы менен мандатынан баш тартты. Мындай кадамдын артында эмне жатканын ар ким алына жараша жоромолдошту. Эң кызыгы, Тазабек УКМКга сурак берип чыккандан соң, депутаттык ишмердигинен баш тарткан. Кайсы “кара теке сүздү”? Атайын даярдалган материал, компромат, же кандайдыр бир кылмыш ишине “катыштыгы” өндүрүшкө коюлушу мүмкүн. Эгерде Тазабек Икрамов дагы моюн толгосо, акаарат келтирсе, бийликтин астында ыйбаа кылбаса, анда маалыматтык согуштун курмандыгына айланып, сентябрда мандатынан ажыроо менен камалмакпы? Логика бар. Жөн жерден жылкы теппей, жылан чакпай ким эле депутаттык жылуу креслодон баш тартсын? Туурабы? Демек, Тазаке убактылуу саясаттан четтеди. Бир эсе туура кылды. Тегирмендин ташына кирип кетпей...
"Азия Ньюс" гезити