Каныбек Иманалиевдин «Шабдан баатыр» романы
Журналист, жазуучу, коомдук ишмер Каныбек Иманалиевдин «Шабдан баатыр» тарыхый романы 2013-жылы басылып чыккан. Кемин жергесинин кулуну болгону үчүнбү, ал даңктуу жердеши Шабдан баатыр тууралуу аңыз кептерди, уламыштарды бала кезинен угуп, туюнуп, көңүлүнө түйүп жүргөнү айныксыз. Анын Шабдандын өзү, баатырдын небереси Абдылдабек Тайгүрөңов (Тайгүрөң Шабдан баатырдын ишенимдүү жигиттеринин бири болуп, Шабдан уулу Самүдүн түрмөгө кетип атканда, анын уулу Абдылдабекти асырап алган, анын балдары репрессия башталгандан 1990-жылдарга дейре Тайгүрөңов деген фамилияда жүрүшкөн – О.Б.) тууралуу бала кезинде алган таасирлери бул пикирибиздин негиздүүлүгүн ырастай алат. Колубузда турган «Шабдан баатыр» романы кыргыз кесипкөй адабиятындагы өзүнө чейинки Шабдан тууралуу үзүл-кесил маалыматтарды, оош-кыйышы арбын материалдарды камтыган көркөм чыгармалардын кемтигин, мүчүлүштүү жактарын толуктай алды десек түк жаңылышпайбыз. Албетте, бул дүңүнөн эскерилген «мүчүлүштүү» чыгармалардын катарына Ж.Токтоналиевдин «Баатыр Шабдан» романы кирбейт. К.Иманалиевдин бул «Шабдан баатыр» романында Ж.Токтоналиевдин романындагы сыяктуу эле даңазалуу тарыхый инсан Шабдандын өмүр жолун, ишмердүүлүгүн ар тараптуу терең баяндап, анын образын таасирдүү, көркөм жана реалдуу негизде ачып берүүгө жетишилген.
Роман төрт бөлүмдөн жана соңку сөздөн турат. Биринчи бөлүм «Башат жана сыноо» деп аталып, мында Шабдандын балалык чагы жана анын акырындык менен чынчыл, калыс, акылдуу, кайрымдуу, өткүр жигит болуп калыптанышы баяндалат. Бала Шабдан менен алгач Жантай Калыгул олуя баштаган айыл аксакалдары улуу кептен козгоп өздөрүнчө чер жазып отурушканында сырттан чуркап келип, атасынан курбулаш досунун ооруп төшөктө жаткан апасына деп семиз улак сурап келгенинен тарта таанышып баштайбыз. Ушундагы анын өзгөчө тирикарактыгына тен берген “Калыгул олуя эки жагын каранып, балага мелүүн гана көз жүгүртүп, ичинен бирдемелерди кобуранган болду” (Иманалиев К., Шабдан баатыр. ‒ Б., 2013. ‒ 21-б. Мындан ары бети көрсөтүлөт).
Ушул чакан мисалдан эле Шабдан адамга кайрымдуу, боорукер болуп калыптанып баштаганы байкалат. Калыгул олуя балага: «Мен тике караганда көзүнөн байкадым. Тактап сүйлөгөндө сөзүнөн байкадым. Кыргыз менен казакты мындай кой, быягы Кытай, тиягы Орусияга даңаза болгон баатыр болоор. Бирок бала атасынын маңдайында өссө эрке да болуп калышы ажеп эмес, талаа-түзгө, ысык-суукка чыйрак болсун, тогуз жашка чыкканча жылкычынын колунда өскөнү дурус» (23-б.) деп баа берет.
Шабдандын 13 жашында алгач ирет жортуулга барып келгени К.Иманалиевде Ж.Токтоналиевдегидей кенен эмес, кыскача баяндалат. Мында ал али сөөгү ката элек жаш болсо да, урушка маш, коркууну билбеген азамат болуп жетилип келатканын көрсөтөт. «…бетме-бет бир казак менен сайышып атканда, экинчиси келип Шабданды артынан саят. Найзасынын учу сынып кетип, мойнунда калат. Шабдан да бир зоот ат минген казакты атынан оодара сайганга үлгүрөт» (32-б.). Дагы ичер суусу бар экен, найзанын учун Түлөкабыл сууруп алып, ал жаратынан Шабдан тез эле айыгып кетет.
Көк секиге суу чыгаруу окуясы К.Иманалиевде Ж.Токтоналиевдегиге салыштырмалуу кыйла лирикалуу чечмеленген. Шабдан теңтуш жигиттери менен көк секини көздөй ат чаптырып келатышса, апкөчтөрүнө суу көтөргөн кыздардын бирөө четке чыга берем деп, кокусунан алып келаткан суусун төгүп алат. Жигиттер өздөрүн ыңгайсыз сезишип, ал эми мурда эле бул көйгөй оюнда түнөк таап, тынч ала албай жүргөн Шабдан көк секиге сөзсүз суу чыгаруу керек экенине дагы бир жолу бекем ынанат. Атасы Жантай баштаган аксакалдар менен кеңешип, алардын батасын алып, арыкты эки жумада чаап бүтүшөт. Бул арык кийинчерээк Шабдан-Арык аталып кетет.
Ж.Токтоналиевдегиден айырмаланып К.Иманалиевде Шабдандын али үйлөнө элек боз улан кезинде алгачкы ууз сүйүүгө кабылганы тууралуу айтылбайт. Атасы Жантай аны чүйлүк солтонун белдүү манабы, бийи Жангарачтын Бак деген кызына кудалайт. Кыздын өтө эле эркеталтаң, турмуш жолуна даяр боло элек экенине жогорудагы калемгерлердин экөө тең басым коюшат. Адепки үйлөнгөнү болгону менен Бакбийке кийин барган жеринде анчалык деле көп урмат-сый, кадыр-баркка ээ боло албаса керек, эмнегедир маалымат булактарынын кайсынысында болбосун, Шабдандын аялдары тууралуу сөз жүргөндө, ал тууралуу учкай гана эскерилип кетет. Анын каршысында кийинчерээк үйлөнгөн таластык саруу Жанкороз бийдин кызы Шааке баатырдын үй-бүлөлүк жашоосунда өзгөчөлүү орунду ээлөөгө жетише алганы белгилүү. Кокон ордосун кызмат кылганында жана башка да учурларда, кийин Меккеге ажылыкка жол тартканында да аны ушу Шааке айым коштоп жүрөт.
Биринчи бөлүмдү жыйынтыктаган «Азгырык» бөлүмчөсүндө Шабдандын жандан башкача марттыгы, ала жипти аттабаган пакиза тазалыгы тууралуу айтылат. Солтонун манабы Канайдын небереси Кенесары атасы Бошкойдун ашынан кийин катышып жүрөлү деп Шабданга «Атайын күмүш жабдыктуу күлүк тартуулайт, Шабдан баатыр болсо аны эшиктен самтыраган кийим кийип келген, аса таяк таянган бир думанага» бердирет (60-б.). Мындан биз Шабдандын жандан башкача колу ачык, марттыгын байкай алабыз.
Экинчи бөлүм «Кокон ордосунда» деп аталып, мында өспүрүм Шабдан 1853-жылы жай мезгили ортолой Кудаяр хан тарабынан Кокон ордосуна кызмат кылууга деп алдырылганы баяндалат. Айтмакчы, ушунда К.Иманалиев тарыхый так эместикке жол бергени байкалат. Тарыхый маалыматтарда Шабдан Кокон ордосуна 1860-жылдын жайында барат. Алгач 1858-жылы такка отурган Мала ханга кызмат кылып, 1860-жылдын кеч күзү маалында Узун-Агач салгылашуусуна катышат. Ал эми Кудаяр хан менен Шабдан алгач ирет 1862-жылы кайрадан тактыга отурар алдында жолугат. Аны тактыга отургузууда эмгеги сиңип, Хазрет Султан шаарына бектикке дайындалат. Ж.Токтоналиевдин романындагыдай Шабдан мында да хан алдына кокон сарбаздарынын кийими менен эмес, кыргыз жигиттеринин кийими, башына кыргыздын ак калпагын кийип келет. Бир караганда майда болуп көрүнгөн бул деталь анын улуттук намысын коё бербеген, өз эли-жеринин татыктуу уулу экенин айкын далилдеп турат.
«Айымхан» аталган бөлүмчөдө Шабдан Кокон ордосуна 1859-жылы келген сыяктуу. Кокон ордосу тууралуу адепки кабар сыяктанып романдын 72-бетинде «Былтыр эле Кудаяр хан тактыдан кулап, азыр анын агасы Мала хан бийликте экен» деп маалымдалат (72-б.). К.Иманалиевде Шабдандын алгачкы ууз сүйүүсү ‒ Ж.Токтоналиевдеги жай адам Отордун кызы Акак эмес, ордонун белдүү баатыр башыларынын бири Мааткеримдин кызы Айымхан. Тилекке каршы, эки жаштын бул аруу махабаты алгач өтө эле армандуу болду. Кызды Кашкар тараптагы бир байга ‒ кадимки Жакыпбек бийге кудалап коюшкан эле. Коштошордо Айымхан Шабданга эстей жүрсүн деп бетине сайма, анан шуру менен шөкөттөлгөн бет аарчыны сунат» (78-б.).
1860-жылдын аяк чениндеги орус аскерлерине каршы Узун-Агач салгылашуусунда Шабдан согуш ишине жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, кыргыз жигиттеринен куралган 500 жоокерди урушка баштап кирет. Автордун баса белгилеп кеткенине ылайык, мында ал чыныгы каармандыктын, эрдиктин үлгүсүн көрсөтүп, башкаларга өрнөк болот. Ушул салгылашуудан тарта анын даңкы элге тарап, Шабдан баатыр атанат. Балким, уруш 40 миң чамалуу кокон кошуунунун жеңиши менен аяктар беле, бир чети, орус куралынын күчтүүлүгүнөн болсо, экинчи чети, ар кими өз кара жанын ойлогон ынтымактын жоктугунан улам (акыркы чабуулда Алымбек датка 10 миң аскери менен урушка кирбей коёт), Канат-шаанын аскери кыргынга кабылып, өлгөнүнөн калганы артка чегинүүгө аргасызданат.
Сүйгөнү Айымхан оюнан кетпей, ашыгып Коконго барса, аны кудалаган жери Кашкардагы кыргыз-кыпчактардын бийи Жакыпбекке узатып жиберишиптир. Жаны кейип, ичи өрттөнгөн Шабдан алаксыйын дедиби, ошондон көп өтпөй кайрадан айлына кайтып келип, таластык саруу Жанкороз бийдин кызы Шаакеге үйлөнөт. Анан эле ашыгы Айымхандан кабар келип, Коконго кайтат. Биротоло башын ачып келгенби, айтор эки жаш кадимкисиндей жолугушуп, көп өтпөй Шабдан эми Айымханга үйлөнөт. Бирок, экөөнүн үй-бүлөлүк бактысы узакка созулбады. «...Жакыпбек бийдин бир нече аялынын бири болуп жүрүп, турмуштун көп ташпишинен көңүлү калган, ошол ички ыйкы-тыйкынын айынан кыялы да чыга келген Айымхан бара-бара өз мүнөзүн көрсөтө баштады. Ортодо көңүл калтырган сөздөр да айтыла кетчү болду. Өнөрү чыкты...» (94-б.). Айымхандан биротоло көңүлү сууган соң, ал назарын кочкорлук сарбагыштардын Султан аттуу “басыгы жар башында маашырлана баскан кайберен мүнөз, шыңга бойлуу, бото көз сулуу” (95-б.) кызына буруп, никеси кыйылат. Бир жыл өтүп-өтпөй Самүдүн аттуу уулдуу болушат.
1862-жылы жаз айларында Мала хан өлтүрүлүп, ордуна Шах-Мурад хан бийликке келет. Канат-шаа Бухар эмирлигинде баш калкалап жүргөн Кудаярды Ташкенге чакыртып, анын Кокон ордосун ээлеп, кайрадан хан болуусуна көмөк көрсөтөт. Шах-Мурад хандын Ташкенди камаган аскеринин таш-талканын чыгарып жеңилишке учуратууда Шабдандын салымы өзгөчө зор делинет. Кудаярхандын кайрадан хандык тактыны ээлөөсүндөгү аскер өнөрүн мыкты билген бөтөнчө каармандыгы үчүн Канат-шаанын сунушу менен ал Хазирет Султан шаарынын (Азыркы Түркстан шаары – О.Б.) беги болуп дайындалат.
Романдагы «Зынданда» окуясынан кийинки «1875-жылдын күзү» бөлүмчөсү «Кокон ордосунда» бөлүмүнө тийиштүү болгон күндө да, «Баатырды кордоо», «Асан кайгынын баяны», «Кетмен-Төбөдө», «Парз» бөлүмчөлөрү кийинки «Орус доорунда» деп аталган III бөлүмдө камтылышы керек эле. Албетте, материалды кандай жайгаштырса автордун өз эрки дечи, ошентсе да бул аталган бөлүмчөлөр («1875-жылдын күзү» бөлүмчөсүнөн бөлөгү – О.Б.) кийинки бөлүмдө камтылганы логикалык жактан туура болмок.
Шабдандын көлдүк манап Чыныбай тарабынан кордолушу Ж.Токтоналиевдин романында айтылганды дээрлик кайталайт. Эми бул мыйзамченемдүү, себеби чыныгы болгон окуя бурмаланбай так, ошол боюнча берилиши керек. Мында Шабдандын токтоолугунан, баарына терең караган көтөрүмдүүлүгүнөн улам гана иш чатагына айланбай токтотулат. Жыйын кийинки 1873-жылы Кичи-Кеминде өткөрүлүп, Шабдан өзүн кордогондорго «таш менен урганды аш менен ур» дегендей мамиле кылып, аларды чоң урмат-сый менен тосуп алат. Шабдандын адам катары баркы дагы көкөлөйт.
Кокон хандыгынын, ага караган түштүк кыргыздарынын Түндүк Кыргызстан орустарга карагандан кийинки тагдыры романда «1875-жылдын күзү» бөлүмчөсүндө берилген. Орус бийлиги ошол 1875-жылы Пулат хан (чынында ал Пулат хандын өзү эмес, анын атынан чыккан Исхак Хасан уулу – О.Б.) менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Шабданды жиберет. «...Шабдан баатыр эки жигити менен Пулат хандын ордосуна кирип келгенде жанында Алымбек датканын уулу Абдылдабек бар экен. Экөө тең ордуларынан туруп, ызаат кылып учурашат» (140‒141-б.). Ал оруска алдары келберин, бөөдө эл кырылып каларын айтып, Пулат хан менен Алымбек датканын уулу Абдылдабекти урушту токтотууга чакырат. Пулат хан макул болуп, эптеп тынчтык макулдашууга жетишилди эле, хандын тегерегиндегилер болбой коюшкан соң, уруш кайра уланат. Орус аскерлеринин чабуулу өтө кыргындуу болуп, абдан ырайымсыздыгы менен айырмаланат. Согушта кырылып, аз гана жигиттери менен калган Абдырахман аптабачы багынып берүүгө аргасыз болот. Ошондон көп өтпөй Пулат хан (Исхак) колго түшүрүлүп, орус бийлиги тарабынан даргага асып өлтүрүлөт. Байкалып тургандай, К.Иманалиевдин андагы тарыхый окуяларды чечмелөөсүндө Ж.Токтоналиевдегидей болуп Абдрахман аптабачынын 12 миң аскер кошууну менен көтөрүлүштөн аман-эсен чыгып кетүүсү тууралуу айтылбайт жана Шабдандын бул окуяга эч бир тиешеси жоктой, андан да анын элди кыргындан сактап калсам деген ортомчулук далалатынан көп деле майнап чыкпаган сыяктуу.
«Орус доорунда» бөлүмү «Туткундан бошотуу» бөлүмчөсү менен башталат. Тайлак баатырдын уулу Осмон датка Токмок уездинин акими, майор Загряжскийди он үч кишиси менен колго түшүрүп, Тогуз-Тородогу кокондуктардын эски чебинде туткунда кармайт. Орус аралашса, абал татаалдашарын сезген Шабдан баатыр жолго эки жүз жигити менен чыгып, Жумгалдын Табылгытысы аркылуу барышат. Ушунда Шабдан өзүнүн алдыны туя билген көрөгөчтүгү, чечкиндүү аракети менен кыргызды орус жазалоочу аскерлеринин кыргынынан сактап калат.
Памир тарапка бет алган Курманжан датканын көчүн майор Ионов аскерлери менен кууп жетип, чаңчалекейин чыгарып туткундоого камынышат. Аларды мындай калпыс кадамдан Шабдан токтотуп калат. Мында ал Курманжанга абалды түшүндүрүү аракетинде болот. Ошентип Шабдандын жигердүү аракети менен кырчылдашкан кан төгүүлөр токтотулуп, бул шартнаме түзүлүү менен акырына чыгат.
Орус бийлиги Шабдандын жергиликтүү эл менен мамиле түзүүдөгү иш билгилигин, ажалдан кайра тартпаган тобокелчил эрдигин баалап, 1878-жылы Ат-Башыда Кытай менен чек араны чыңдоо, аскердик чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн аны кайратман жигиттери менен кызматташууга тартат. Бул каармандык жүрүшү үчүн Шабдан баатыр Ыйык Анна тасмалуу чоң алтын медаль менен сыйланат.
«Меркедеги жолугушуу», «Калыстык» бөлүмчөлөрүндө Шабдандын колу ачык марттыгы, калыстыгы, ар кандай маселени тереңинен карап чече билгени даңазаланат. Мында ал кытай жергесине ооп кеткени далай азапты көргөн Осмон даткага жолугуп, өз атынан түшүп берип, бир үйүр жылкы тартуу кылганы, Кытайдан качып келген дунгандарга отурукташканга жер бөлүп берип, далай колдоосу тийгени, калыстык кылып эки атын жоготкон орус дыйкандарына өзүнүн эки атын бергени, бал челек кармап, жаңы эле тартылган 18 пуд балды карапайым элге бекер тараттырганы айтылат.
Романдын «Кашкарга карай» бөлүмчөсүндө Шабдан адеп сүйгөнү Айымханды эңсеп, кантип Кашкарга жетип, ага бир жолуксам деп ээленгени баяндалат (193-б.). Ушунда: “Бу К.Иманалиевдин өзүнүн жазганына өзү каршы чыкканы кандай? Айымханга тээ Кокон хандыгы кулай элек 60-жылдардын баш ченинде үйлөнгөн эле го?.. Анан ал кайсы Айымханга жолуксам деп ак эткенден так этип эңсеп жүрөт?.. Же бул бөлүмчө ошол Шааке байбичесине жаңы үйлөнгөн боз улан курагына тиешелүү эскерүүбү?” деген сыяктуу суроолор жаралбай койбойт. Биздин оюбузча, бул бөлүмчө ошол Айымхан менен болгон адепки окуяларга удаа берилгени ылайык болмок.
Шабдан 1883-жылы чын куран айынын (апрель) экисинде Петерберг шаарында өткөн Александр IIIнүн таажы кийүү аземине катышат.
1904-жылы Шабдан Шааке байбичесин жанына алып Меккеге жол тартат. Стамбулга жеткенде Меккеге карай темир жол салынып жатканын угуп, өз атынан 2000 сом кошумча берет (ал кезде 1 койдун баасы 1 сом, жараган жылкынын баасы 25 сом болгон – О.Б.).
Орус администрациясынын кыргыз жериндеги колониалдык саясатынын оорчулугу улам артылып, калк арасында нааразылык күчөп бараткандыктан, элдин келечеги үчүн күйгөн Шабдан баатыр падышанын атына петиция жолдойт. «Шабдан баатырдын мындай кескин кадамдарга барып, эң ириде жер маселеси боюнча карапайым элди ачык, чечкиндүү колдоп жаткандыгы орус башкаруучуларын тынчсыздандырып, Жети-Сууда аскерлердин санын көбөйтүү жана Шабдан баатырдын артынан тымызын байкоо иштерин жүргүзүү тууралуу жашыруун чечим кабыл алынат» (234-б.).
«Дубанага сый», «Кара жаак Калмырза», «Седеп кемпир» бөлүмчөлөрүндө Шабдандын карапайым элге карата жандан башкача камкорлугу, боорукерлиги тууралуу айтылат.
IV бөлүм «Муздак жылдыздар» деп аталат. Адепки бөлүмчөдө казактын төрөсү Жапардын жазадан куткарылышы, Шабдандын казактардан көргөн сыйы, «Майчы менен Кенжеке», «Чалданбайдын бий болушу», «Таарыныч», «Зилзала» бөлүмчөлөрүндө Шабдандын жетим-жесирге кылган аталык, агалык мээрими, айкөлдүгү, пенделик майда таарынычтардан жогору турган тереңдиги, акылмандыгы тууралуу баяндалат.
Шабдандын оорусу, өмүрүнүн акыркы күндөрү, дүйнөдөн кайтышы «Күн батаарда» бөлүмчөсүндө берилет. Ушунда анын элине айткан арманын, акыркы осуятын, керээзин келтире кетүү ылайык болуп турат:
«– Чыныбай бий, эмне арманың бар? ‒ деп сурап калдың. Армансыз өмүр болобу... Биринчи арманым, бийикке тоо-тоолоп кетип, түз жердин көбүн орустар ээлеп, элимди толук отурукташтыра албадым. Бийик тоолор ансыз да биздики. Аны кыргыздан эч ким талашпайт. Түз жерди ээлеп, кыштак куруп, суу чыгарып, эгин айдап, ээ болуп алсак бала-бакырага, укумдан тукумга калбайт беле... Жер тарып бараткандай сезилет.
Экинчи арманым, күн өткөн сайын кыргыздын ачуусу күч алып, орустун айбаты кычап келатат. Чочулаганым, бир чыр чыгып кетпес бекен. ...Улуу тоолордо этият болбосоңор, бирөө эле ачуу кыйкырса кар көчкү жүрүп кетип, канча элди басып калат...» (301‒302-б.).
Мына ушул айтылгандан эле Шабдан баатырдын элибиздин учурдагысы жана келечеги үчүн күйгөн чыныгы атуулу, ысымы кылымдарга калчу улуттун сыймыгы болгону айкын көрүнүп турат. Байкасак, 1916-жылдагы алааматты алдын ала сезип тургандай. Ким билет, дагы он жылча алдуу-күчтүү турганында, балким, кыргызды ошол 1916-жылдагы кыргын-сүргүндөн алакчылап калат беле?.. Аңгыча Улуу Октябрь төңкөрүшү да кирип келмек…
Шабдандын ашы күрдөөлдүү күздө Кичи-Кеминде өткөрүлөт. Кийинки бөлүмчө «Үркүн» деп аталып, мында ошол 1916-жылдын окуялары баяндалат. Шабдандын падышалык бийликтен көңүлү калган Мөкүш, Самүдүн баштаган уулдары көтөрүлүштүн башында болушат. Акыркы бөлүм «Кытайдан кайтканда» аталып, азап-бозгон кыргыз эли келер күнүнө дале үмүттүү, зор ишеним менен караганы баяндалат.
Соңку сөз ордуна «Каптагайдын качкан кыз» бөлүмчөсү берилген. Мында кадимки Жаңыл эжеси сындуу эрк талашкан кыргыздын даңктуу кыздарынын бири Кайыптын тагдыры көз алдыбызга тартылат. Кыялындагы татыктуу жигитке жолугууну ниет кылган ал акыры эңсегенине жетип, Шабдан баатырдын уулу Мөкүшкө баш кошуп, жылдар өтө үч балалуу болушат.
Ушул эле бөлүмчөдө Шабдандын уулдарынын Совет доорундагы кейиштүү тагдыры эскерилет. Заман алмашылып, каршылашуу өтө курч жүргөндүктөн, «бай-манап тукуму» делинип, бири калбай куугунтукка алынат. Атактуу жердешибиз М.В.Фрунзе бул кырсыктан арачалап калар беле, 1925-жылы анын «жеке өтүнүчү жана ВЦИКтин чечими менен бештин айынын (декабрдын) жыйырма үчүндө Москвадан Шабдандын балдарын куугунтуктоо токтотулсун деген маалымдама келет» (359-б.). Романдагы окуялар бул кабар Пишпекке жеткенче Фрунзенин өзү дүйнөдөн кайтып кеткени баяндалуу менен жыйынтыкталат.
Акырында айтарыбыз, белгилүү коомдук ишмер, тааанымал калемгер К.Иманалиевдин бул романы жогорудагы сыяктуу айрым түзүмдүк мүчүлүштүктөрүнө карабай, кыргыздын оош-кыйыштуу тарыхында өчкүс из калтырган даңазалуу инсандарынын бири Шабдан баатырдын жаркын образын көз алдыбызга келтирүүгө карата жасалган аракеттердин олуттууларынан болду көрүнөт. Ошондой эле роман андагы Шабдан баатырга тийиштүү тарыхый маалыматтарды көркөмдүк негизде чебердик менен тартып бергени менен баалуу.