Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жороев: “Азыркы бийлик Кумтөр боюнча иштерди алга жылдырууга кызыкдар”

Эмил Жороев: “Азыркы бийлик Кумтөр боюнча иштерди алга жылдырууга кызыкдар”

07-август, 13:11
1 660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акаевдин өлкөгө келген максаты тууралуу ар кандай божомолдор айтылууда. Анын аныгы эмнеде деп ойлойсуз?

-- Аскар Акаев Кыргызстандан чыгып кеткен 16 жыл аралыгында ар түрдүү нерселер болду. Анын ичинде жакын туугандары дүйнөдөн өттү. Ал өзү Кыргызстанга келүүгө мурдатан эле аракеттенип жүргөн. Ошонун негизинде азыркы бийлик менен эки тарапка тең алгылыктуу, кызыкчылыктарга туура келген келишимдер орун алган. Анын камалбагандыгын алдын ала сүйлөшүүлөрдүн бир белгиси катары көрсөк болот. Ал эми Россиянын президентинин бул визитке аралашуусу тууралуу айтылып жаткандарын жөн эле божомол дейм. Бул ансыз эле сүйлөшсө болчу нерсе. Анткени азыркы бийлик Кумтөр боюнча иштерди алга жылдырууга кызыкдар. Кумтөрдүн бир эле экономикалык эмес, саясый да мааниси чоң. Бийликтин негизги саясый капиталы да Кумтөр боюнча болуп атпайбы.

-- Ал эми Акаевдин артынан Бакиевге да жол ачылышы мүмкүн экени айтыла баштабадыбы. Андай да болушу ыктымалбы?

-- Качкын президентти алып келип, аны менен жок эле дегенде эшикти ачып берүү аракети болушу мүмкүн. Бирок, Аскар Акаевди жакшы маанай менен тосуп алган кишилер аз. Ал эми Бакиевдер боюнча айтылып жаткан сөздөр менимче божомол. Эгер алар келе турган болсо, элдин маанайы өтө эле терс жакка бурулуп, нааразычылык күчөйт. 

-- Акаевге кечирим берүү, өлкөдө калууга мүмкүнчүлүк түзүү өңдүү пикирлерге негиз барбы?

-- Кайсы гана мамлекетте болбосун, ар бир жарандын өз мекенине келүү укугу болуш керек. Ал эми качырып жиберүү – бул өткөн замандын иши. Эгер качкын жаран кылмыш кылган болсо, ошого жараша мыйзам чегинде жоопко тартылышы зарыл. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз да. Кандайдыр бир түшүнүктөр менен же кечирип коёлу дегендер саясатта туура эмес. Буга чейин эл Акаевди, Бакиевди алып келгиле деп бийликке талап кылып жүрбөдү белеЭми келсе, эмнеге келет?” деп атабыз. Анын ордуна келсин, бирок жооп берсин деш керек. Тилекке каршы, Акаев элден кечирим сураган да, кемчиликтерин мойнуна алуу жөнүндө кабар берген да жок. Өздөрүн эң эле таптаза адам сыяктуу көрсөтүп атышат. Ошон үчүн күнөөсүнө жараша жооп бериши керек.

-- Кумтөр боюнча Акаевдин көрсөтмөсү менен дагы көптөгөн чиновниктердин арты ачылышы мүмкүнбү?

-- Чындап толук кандуу, таза, ачык тергөө жүрө турган болсо, болгон маалыматты эки тарап тең толук ачыктаса, албетте, көптөгөн кишилер боюнча суроолор туулушу мүмкүн. Ошентип, көп маалымат чыгат. Дегеле Кумтөр маселесине аралашпаган маанилүү мамлекеттик ишмерлер калбаса керек. Алардын арасында Акылбек Жапаров өзү да бар экенин Акаев Москвада отуруп эскерткен эле. Демек, көп жагдайлар ачыларын күтсөк болот. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер