Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Каныбек Исаков билим берүүнү артка тартып, трайбализмге берилгенде

Министр Каныбек Исаков билим берүүнү артка тартып, трайбализмге берилгенде

18-сентябрь, 16:46
543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде XXI кылымдын Дүйшөндөрү чыгып жаткандан улам министрдин ишине кызыгып көрдүк. Каныбек Исаковду мактап жатып, билим берүү жана илим министрине көтөрүшкөн. Ал да “аны кылам, муну кылам” деп убадаларды берип, бир ай бою өзүн реклама кылганы эсиңердеби? Ошондон көп өтпөй “бул министр иштебей эле өзүн пиар кыла береби?” деп гезиттер сындагандан кийин араң токтогон жайы бар. 

Андан бери бир жылга жакындап калды, “мактаган министр эмне кылды?” деп сурагандар да болуп жатат. Кыргызстанда мектептер окуу китептери менен 50 пайызга эле камсыз болгон, алардын да мөөнөтү өтүп кеткен. Мисалы, тарых, география китептери жаңыртылбай, “А.Акаев президент, К.Бакиев президент” деген боюнча окутулуп жатат. Мектептердин курулушу бүтпөй жаткандары канча? Кулаганы калгандары андан көп. Бул олуттуу көйгөйлөрдү чечкендин ордуна министр пандемияны шылтоолоп, кабинетинен чыкпай иш бүтүргөнгө өтүп алыптыр.

Ал эмне болгон иштер дебейсизби? Министр кызмат ордун пайдаланып, досторун, жердештерин ишке орноштурууну негизги “милдети” катары көрөт экен. Кесиби журналист, бир да күн мектепте же ЖОЖдо иштебеген Жапаркул Ташиев министрликтин статс-катчысы (ал өзүнүн байкеси, Кара-Суудан). Министр К.Исаковго эми ошол аз болгонбу, оштук дагы бир жердеши Пазылбек Туркбаевди өзүнө орун басар, илим департаментинин директору кылып дайындаган. ОшМУда өзүнүн оң колу болуп жүргөн Түмөнбай Колдошевди Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжге директор кылып бекиткен. Түмөнбай Колдошев обончу экени ырас. Бирок, анын кесиби филолог турбайбы, филология илимдеринин кандидаты экен. Филолог музыкалык окуу жайга же консерваторияга жетекчи болсо болобу? Мунун мыйзамдуу жагы каралыш керек. Же Каныбек Исаковдун достору үчүн мыйзам иштебейби?

“ОшМУдан бир кандидат келет”, “бир досум бар эле”, “бир профессор жөнөтөм” деп эле ректорлорго өз кишилерин дайындай бермейи айтылууда. “Билим берүүнү оңдойт” деген министр кызматынан пайдаланып, туугандарын, жердештерин кызматка коюуну негизги иши катары көрүп, ошол багытта кызуу иш жүргүзүп жатканын коомчулук билип койгону дурус. Эртең жаңы парламент келсе, бул эргулду жердештерине, досторуна “сиңирген эмгеги” үчүн кайра министр кылып дайындашабы?.. 

Кызыгы, Каныбек Исаков 2040-жылга чейинки билим берүүнүн өнүгүү программасын иштеп чыкканын айтып, мактанганга үлгүрдү. Ой, мынча узак мөөнөттү оозанып айланабы? Жок дегенде 1 жылдык реалдуу программа түзүп, ошону ишке ашырбайбы? Калп эле жомок айтпай. Президентти да алдабай...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер