Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек МЫРЗА, активист: “Үн катпай отурган депутаттарды 2020-жылы Жерүйдөн тосуп алам”

Айбек МЫРЗА, активист: “Үн катпай отурган депутаттарды 2020-жылы Жерүйдөн тосуп алам”

02-октябрь, 20:55
664 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жерүй кенинде мамлекеттин бир пайыз да үлүшү жок. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жасалган бул ишти кайра карап чыгып, мамлекеттин үлүшү болгудай кылуу керек. Мындай талап менен жарандык активист Айбек Мырза билдирүү таратты. Анын айтуусунда, 27-сентябрда Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Турсунбек Акун баштаган активисттер премьер-министр менен жолугушкан. Ал жолугушууда премьер-министр Абылгазиев Жерүй маселеси актуалдуу экенин жана анда мамлекеттин үлүшү болуш үчүн инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөрүн билдирген. Булардын коюп жаткан талаптары 3 пункттан турат. Алар кандай талаптар экенин Айбек Мырзадан уктук.

-- Айбек, Жерүй маселеси боюнча бийликке бир нече пункттардан турган талаптарды коюп жатасыздар. Алар кандай талаптар?

-- Биздин талаптар: 2015-жылдагы Жерүй боюнча конкурсту иликтеген мамлекеттик комиссия түзүлсүн, мамлекеттин үлүшү болсун жана кен байлыктар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилип, мамлекеттин үлүшү кен байлыктарда 51 пайыздан кем болбош керек.

-- Бабанов менен Атамбаевдин кандай тийешеси бар, аларды бул ишке эмнеге байланыштырып жатасыңар?

-- ТЭЦтеги 386 млн. доллар боюнча насыялык келишимде “коррупциялык элементтер бар” делип, кылмыш иши козголуп, мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Биз дагы ошол сыяктуу, болжол менен 5 млрд. доллар алтын запасы бар Жерүй кени боюнча да мамлекеттик комиссия түзүлүп, 2015-жылкы конкурс канчалык адилеттүү, мыйзамдуу болгонун текшерип чыгышы, ал иштерге Бабанов менен Атамбаевдин тийешеси бар-жогун иликтеп чыгуусу керек. Себеби, телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу тараган. Анда Таабалдиев менен Бажаевдин сүйлөшүүсү жазылган. Ошол жерде Таабалдиев “президенттин тапшырмасы менен мен силер менен сүйлөшүп жатам” дейт. Ал эми Бабанов Таласта эл менен жолугушуу учурунда айткан, “Бажаевди мен алып келдим, ал ток бала” деп. Ушул нерсенин баарын комиссия иликтеп, баа бериши зарыл.

-- А депутаттарды айыптаган себебиңиздер?..

-- Өкүндүргөн нерсе, Жерүй тууралуу маселе көтөрүлүп жатканда, эч бир депутат бир ооз сөз айтып коюшкан жок. Мейли, шайлоо жакындап келатат. Азыр үн катпай отурган депутаттар эртең эле эл аралап чыгышат, Таласка барышат. Ошондо мен аларды Жерүйдөн тосуп алып, беттерине айтам, керектүү суроолорду берем. 

-- 1-октябрда Таласта Жерүй боюнча курултай өткөрмөк болгонсуздар. Ал эмнеге үзгүлтүккө учурады?

-- УКМК “бийликти басып алууга чакырык жасоо” фактысы боюнча иш козгоп, учурда тергөө иши жүрүүдө. Биздин аракеттерде эч кандай андай максаттар, чакырыктар жок. Ошого карабай, айрымдарыбыз күбө катары суралып жатабыз. 

-- Сиз менен кошо дагы канча киши күбө катары суралып жатат?

-- Таласта ондон ашык адам. “Сотко чейинки териштирүү” дешип, териштирип жатышат.

-- Сиз тууралуу видеороликтер тарап жатат. Аны кимдердин иши деп ойлойсуз?

-- Мен да билбейм ошону. Чагымчылдык кылган адамдар деп ойлойм. Балким, бул үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн. Эгер бийлик органдары кылган иш болсо, анда бул мамлекеттин өзүнө  каршы видеоролик болуп калбайбы. 


Динар ТУРДУГУЛОВА
Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер