Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысык-Көл бюджетке акча түшүрсө, ар түрдүү кызмат көрсөтүүдөн эл да ирденип алат

Ысык-Көл бюджетке акча түшүрсө, ар түрдүү кызмат көрсөтүүдөн эл да ирденип алат

05-июль, 18:17
4 193 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл туризм сезону эрте башталууда. Буга күндүн ысышы жагымдуу жагдай түзсө, былтыркы пандемияда бук болуп үйдөн чыкпай калган элдин эс алууга ынтызарлыгын дагы күчөттү. Башка жылдарда көлдүк туугандар 15-20-июнда араң алгачкы эс алуучуларды тосуп, туристтик сезондун кеч башталганына кейип-кепчий беришчү. 

Быйыл июндун башынан эле көлдүн жээги бака-шака түшүп, келген конокторду тосуу үчүн жергиликтүү калк короо-жайын шыпырып, дарбазасын кенен ачып, чай-чамегин даярдай башташты. Кудай жалгап, Тамчы аэропорту толук кандуу ишке киришти. Эми Көл аэрпортуна Россиянын 7 шаарынан, Алматыдан, Ош, Жалал-Абаддан учактар түз учуп келе баштады. Россиялыктардын мынчалык көп учуп келүүсү союз кулагандан бери биринчи жолу болууда. Жакында Ташкент шаарынан келчү учак да коно баштайт. Анын баары Ысык-Көлгө эс ала турган туристтерди ташып келишет. Эгерде быйыл россиялыктар эс алууга агыла баштаса, анда Ысык-Көл бюджетке акчаны өзү эле түшүрөт, ар түрдүү кызмат көрсөтүүдөн эл да жакшы акча табат. Анткени, орустар эс алууну сүйгөн калк. Түркиянын деңиз жээктерин толтуруп турчу орустар быйыл массалык түрдө барбай калганынан отелдер бош калып, түрк туугандардын капчыгы толбой, ыйламсырап отурушканын өз көзүбүз менен көрдүк. Пандемиядан улам Россия Түркияга уччу авиакаттамдарын токтоткон. Орустар авиакаттамдарын Ысык-Көлгө бурганын эске алсак, бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Эми шарттарды түзүп, жатчу жайларды жакшылап ырасташыбыз керек. 

БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун эсеби боюнча 2014-жылдагы экономикалык кризистин алдында чет өлкөгө барган россиялыктар бир жылда 50 миллиарддай доллар сарптап, бул параметр боюнча алдыңкы бештикке кирген. Visa Global Travel Intentions уюмунун изилдөөсү боюнча пандемияга чейин россиялык саякатчы чет өлкөдөгү эс алуусуна орто эсеп боюнча 1676 доллар сарптаса, европалыктар 1174 доллар короткон. Эсеп боюнча россиялык бир туристтин эс алуусу быйыл 2,5 миң доллардан ашуусу керек эле. Бирок аттиң, үмүттү жандырып турган орустар быйыл Европага да массалык түрдө эс алууга барбай, Европа өлкөлөрүнүн шаабайын суутууда. Көптөгөн европалык өлкөлөр россиялык туристтердин эсебинен түшө турган ондогон миллиарддардан куру калганы турушат. Анткени, көпчүлүк Европа өлкөлөрү Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасын каттабай турушат. "Спутник V" вакцинасын дүйнөнүн 46 мамлекети тааныса, эки гана европалык мамлекет— Венгрия менен Словакия тааныды. Европанын дары-дармек каражаттары боюнча агенттиги (EMA) россиялык вакцинаны экспертизадан өткөрүү процедурасын 4-мартта эле ишке киргизген, бирок иш ордунан жылбай турат. Reuters агенттиги Европа биримдиги россиялык вакцинаны ыңгайсыз режимдин пропагандалык жүрүшүнө каршылык көрсөтүү максатында алгысы келбей жатканын жазган. Бул геосаясый мамиле орус туристтеринин Европа өлкөлөрүнө киришине бөгөт болду. Бул учурда Европа өлкөлөрү сөзсүз вакцина алган туристтер үчүн эс алуучу жайларын ачууга аракет жасоодо. Бирок, эс алууга көп акча сарптаган россиялык туристтер алардын катарында жок. Европа рыногу үчүн бул чоң сокку.

Пандемиядан кийин Европа биримдигинин аткаруучу директору туризмди тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын айтып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен EMA тарабынан уруксат берилген вакцинаны алган баардык өлкөлөрдүн жарандарына Европа өлкөлөрүнө кирүүгө уруксат берүү сунушталды. Азырынча тизмеде Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson жана AstraZeneca бар. Кезекте Кытайдын Sinovac вакцинасы турат. Алардын ичинде россиялык "Спутник V" препаратынын каттоодон өтөр-өтпөсү маселе бойдон калууда. Мындан улам бул жылы да европалык отелдер менен ресторандар эс алууга акчасын кенен чачкан россиялык туристтерден куржалак калуусу мүмкүн. 

Эми кеп Ысык-Көлдө. Эс алуучулардын 80%ын толтуруп келген казак туугандардан сырткары эми орустар менен өзбектер, өзүбүздүн Ош, Жалал-Абад, Баткен эли, чет өлкөдөн келген мигранттар эс алууга агылып барышы мүмкүн. Сезон башталды, көңүлдү эми туризм тармагына буруу керек. Европалыктар вакцина алган туристтерди гана киргизүүнү колго алса, биздин өлкөгө вакцинасы бар эс алуучулар кире береби же тесттен өткөндөр эле кире берсе болобу? Орто Азия мамлекеттеринин баардык калкы түгүл жарым эли вакцина ала элегин эске алсак, Ысык-Көлгө эс алуучулар оорусу жоктугун тастыктаган тесттин жыйынтыгы менен деле өтө беришет. Муну туризм департаментинен да чалып тастыктадык. Эми Көл жээгиндеги эс алуучуну кабыл алган санаторий, пансионат жана жеке менчик үйлөрдө санитардык тазалыкты күчтөндүрүү зарыл. Туризм департаментинин билдиргенине караганда, ар бир эс алуучу жай тазалыкты сактоо, ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмаларын алышкан. Алар саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бир катар иш-чаралар планын иштеп чыгышкан. 

Балык жыттанган деңиздерге, өтө ысык кумдуу жайларга, саздак, токойлуу же бороон-чапкындуу ээн талааларга караганда, Ысык-Көл ден соолукка жагымдуу, өз кучагына энедей тартат эмеспи. Ал жерден төрт мезгилди көрүүгө болот. Суусунан тышкары жайлоолору, тоолору, музейлери, экологиялык жактан таза тамак-ашы, жер-жемиштери, балыктары, жергиликтүү элдин меймандостугу эч кимди кайдыгер калтырбайт.


Бекбол Айдаров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер