Акыркы кабарлар
» Коом » Чүйдө бир түк чөптүн баасы канча сом болууда?
Чүйдө бир түк чөптүн баасы канча сом болууда?
28-июнь, 11:54
2 247 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Чүй облусунун Москва районунда чөптүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттады. Маалым болгондой, райондун борбору Беловодск айылында ар жекшемби күнү мал базар болот. Ал жерде малга тоют да сатылат.
«Бүгүн, 27-июнда бир таңгак (түк) чөптүн баасы 300 сомго жетти. Өткөн жумага салыштырмалуу базарга чөп өтө аз алынып келди. Мурдагыдай топтолуп турган чөп ташыган унаалар, кардарлар деле жок. Болгону 4-5 унаадагы чөптү гана көрүүгө болот. Себеби, талааларда чөптүн биринчи чабыгы аяктап, экинчиси суунун тартыштыгынан өспөй жатат.
Ал эми мал базарда дале кымбатчылык. 4,5 айлык торпок 40 миң сомго сатылды. Үч айлык козулар 7-8 миң, күнүнө 18 литр сүт берет деген уй 100 миң сомго бааланды» деди жергиликтүү тургун.