Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Акыркы коңгуроо 11-класстар үчүн гана...
Акыркы коңгуроо 11-класстар үчүн гана...
19-май, 20:14

Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн гана өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек мэриясы аземди кадимки форматта өткөрүүнү пландап жатканын айткан.
“Акыркы коңгуроону кадимки форматта, бардык санитардык эрежелерди сактоо менен 11-класстар арасында гана өткөрүү чечими кабыл алынды. Ар бир мектепте график түзүлүп, бүтүрүүчүлөр мектепке өздөрүнүн гана классы менен келип кетишет. Мектеп менен коштошуу салтанатына ал класска сабак берген мугалимдер катышат. 1-класстын окуучулары акыркы коңгуроого катышпайт” дешти маалымат кызматтан.