Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш кайрадан жанданды

Журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш кайрадан жанданды

03-октябрь, 09:16
652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 2007-жылы киши колдуу болуп каза болгон белгилүү  журналист, көз карандысыз “Сиёсат” (“Политика”) гезитинин редактору Алишер Саиповдун өлүмү  боюнча иш кайра жанданууда.  Бул тууралуу анын журналист бир тууганы Шохрух  Саиповдун айтканына таянуу менен “Фергана” сайты билдирүү таратты. 

Туугандары 2013-жылы декабрда токтотулган кылмыш ишинин кайрадан каралып баштагандыгын, IFEX сөз эркиндигин коргоо эл аралык ассоциациясынын 12-июлда жиберген суроо-талабына карата КРдин Башкы Прокуратурасынын берген жообунан улам билишкен. 

“2019-жылдын 29-августунда кылмыш ишин карап чыгуунун жыйынтыгында Ош облустук прокуратурасынын тергөөчүсүнүн чечими менен учурда тергөө жүрүп жатат”, - деп айтты көзөмөлдөөчү мекемеден. 

Журналист Алишер Саипов, “Голос Америки”, “Азаттык”, ББС, “Фергана.ру” басылмалары менен   кызматташып жана Фергана өрөөнүндөгү курч көйгөйлөрдү жазып турган. Ал 26 жашында Ош шаарында атылган. 

Aryba.kg

 

                                       

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер