Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кутурма оорусуна чалдыккан 1-класстын окуучусу каза болду

Кутурма оорусуна чалдыккан 1-класстын окуучусу каза болду

07-декабрь, 19:22
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Баткен облусунда 1-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Ал кутурма оорусун жуктуруп алган болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен райондор аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Дыканали Жунусалиев билдирди. Белгилүү болгондой, каза болгон бала Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жашаган. Аны облустук ооруканага 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 3:30 чамасында оор абалда алып келишкен. Баланы сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал таңкы саат 6:00 чамасында каза болгон. Кутурма оорусунун клиникалык диагнозу коюлганы менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн болгон эмес. Анткени баланын жакындары өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер