Мончонун лентасын кесүүдөн деңгээли көтөрүлбөгөн Кыянбек Сатыбалдиев
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен шаардын мэри Мураталы Такаев жеке менчик мончонун ачылышында лента кескени коомчулуктун кыжырдануусун келтирди. Акыйкаттан алганда, аталган облуста социалдык-экономикалык көйгөйлөр арбын экени, ошонун кесепетинен басымдуу элдин бөлүгү саясатташып кеткени да жашыруун эмес. Бир эсе жумушсуздуктун кесепети, кылмыштуулуктун арбыганы, жолдордун салынбаганы, таза суу көйгөйү, о.э. мектеп, балабакчалардын жетишсиздиги элдин көкөйүнө көк таштай эле тийип келет. Маселен, Сузак районунун Кара-Алма айылында 5 жылдан бери мектептин курулушу бүтпөй, кайдыгерлик орун алган. Санай берсек, мындай фактылар арбын. Таңгалычтуусу, облуста толгон-токой түйшүктөр түрүлүп турган чакта, губернатор Сатыбалдиев жылуу-жумшак мончонун ачылышында лента кесип, бейкапар жүрөт. Бул эргул ишкерлердин анда-санда курган ийгилиги менен коомчулукту алаксытып, өзүнүн демилгеси жок эле жүрө береби? Кыскасы, Кыянбектей “кыраандар” турганда аймактар өнүкпөй калды го?..