Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжан Иреш: “Табигатта, жымжырттыкта, жазда, анан күздө дайыма жөө жүрөм”

Гүлжан Иреш: “Табигатта, жымжырттыкта, жазда, анан күздө дайыма жөө жүрөм”

06-сентябрь, 20:06
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чыгармачылыкта дайыма изденүү менен жүрүп, дайыма жаңы иштердин, жаңы ойлордун жаратманы болгон этнодизайнер, документалист Гүлжан Иреш менен маек курдук.

-- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда? Кино тармагына кайрылып атасызбы? 

-- Чыгармачылыкта кээде тыныгуу керек, биз аны каалайбызбы-каалабайбызбы, ал керек экен. Эки жылдай тыныгуу алдым. Азыр эс алуудан кийин кайрадан жаңы күч менен жанданып, көптөн бери ойлоп жүргөн ойлорумду ишке ашырайын деп турам. Жакында эле "Жибек жолдун ак конушу" эл аралык маданий долбоорду жыйынтыктап, эл алдына "Ордо-Сахна" фольклордук тобу менен отчеттук концерт тартууладык. Долбоордун алкагында даректүү тасмалар чет элде тартылгандыктан, учурда аларды кыргыз тилине которуунун үстүндө иштеп жатам. 2022-жылдын май айында "Небесная симфония" тасмамдын бетачары болуп өттү. Азыркы кезде кино тармагына көбүрөөк басым жасап, кино жана фото тармагында окуп жатам. 

-- Сонун сүрөттөрдү тартчу элеңиз, учурда кандай эмгектериңиз жаралууда?

-- Негизи адам жашоодо эч качан өзүнүн максаттарына чек койбош керек. Бирөөлөр мени “кино тармагына кеч келди” деши мүмкүн, бирок өзүм үчүн билинбейт деле. Даректүү тасма жаратыш үчүн турмуштук тажрыйба көп болуш керек. Ошондуктан мен туура эле тандадым деп ойлойм. 20 жаштагы өспүрүмдүн көз карашы менен элүү жаштагы адамдын көз карашы асман менен жердей эле. Жаңы тармакты тандаганым мага эч кандай кыйынчылык жараткан жок, тескерисинче, өзүмдү сууда эркин сүзгөн балыктай эле сезем.

-- Жандүйнөңүздө кайсы мезгилди жактырасыз? Табигаттын кандай учурлары жагат?

-- Ар бир мезгилдин өзүнүн керемети бар. Күздү жактырам, күздүн өзүнүн сүрү бар, олуттуу, бүтпөгөн жумуштун баарын күзгө жылдырмай адатым бар. Күз күнүгө тескеп атып, баарын бүтүртөт. Жай – мен үчүн күзгө болгон даярдыктай сезилет. Кыш – жыйынтыктоо мезгили. Ал эми жазда жаңы ойлордун башаты башталат. Эмнегедир жазда дайыма чоң сүйүүнү күтө берем.

Табигатта, таза абада жазда, анан күздө дайыма жөө жүрөм. Негизи жөө басканды, тоого чыкканды жактырам. Жазында күрүлдөп кирген, күзүндө мелтиреп аккан суунун агымын угуп, жээк бойлоп жүрө берем. Кышында бир адам жок Ысык-Көлдүн жээги жагат. Барган сайын жымжырттык менен сүйлөшкөн жагып бараткандай...

-- Эмнеден мотивация аласыз?

-- Кесибиме жараша көбүнчө жолдомун. Аэропортто миңдеген адамдар кайдадыр шашып, ар түрдүү максаттар менен алпурушкан жүргүнчүлөрдүн бүтпөгөн агымы жагат. Жакшы адамдар менен сүйлөшүүдөн, өмүрү көрүшпөй туруп, бир көргөндө өмүр бою тааныштай бир толкунда аңгемелешкенден өткөн эргүү болбосо керек.

-- Жеке жашооңуз да окурмандарга кызык болуп турат...

-- Эч качан бирөөнүн жеке турмушуна кызыкпайм. Мага ар бир кездешкен адамдын ой-максаты, бир келген жашоодогу миссиясы көбүрөөк кызыктуу. Өзүмдүн жеке жашоомо да эч кимди киргизбейм. Жашоо ансыз деле өтө кызыктуу.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер