Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турусбек Маразыков жалгыз диссертациясын 4 окуу куралы кылып көрсөткөндөн уялбайбы?

Турусбек Маразыков жалгыз диссертациясын 4 окуу куралы кылып көрсөткөндөн уялбайбы?

21-май, 09:25
988 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Фейсбукта Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Турусбек Маразыковду аябай талкуулашып, “жакшы мугалим, мыкты окутуучу” деген жыйынтыкка келишти. Бул туура, анткени, ал кыргыз тили боюнча сабактарды кызыктуу өтө турганын билебиз. Эгер ага “Эл мугалими” деген наам берилсе, жарашып эле калмак. Бирок, анын улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө талапкер болгону бир чети бизди таңгалдырууда.

“Тексттеги интеграция” деген темадагы диссертациясын адегенде 2005-жылы үч китеп кылып чыгарган, анысы бир монография болуп эсептелет. Ошол эле беш главадан турган диссертациясын 2014-жылы ар бир главасын бирден китеп кылып жарыялады, чындыгында бул 4 китеп 2005-жылы чыккан китебинин 2-басылышы. Аларды өзүнчө монография катары эсептегенге дегеле болбойт. Илимий ишинин 1-главасы “Сүйлөшүүнүн табияты жана анын теориясы, методологиясы”, 2-глава “Текст таануу илиминин теориясы. Текст таануунун негизги принциптери жана аспектилери”, 3-глава “Экстралингвистикалык факторлордун тексттеги интеграциясы”, 4-глава “Стилдик факторлордун интеграциялык өзгөчөлүктөрү”, 5-глава “Кыргыз тилинде текстти интеграциялоочу лингвистикалык каражаттар” деп аталып, иште проблема коюлган да, чечилген да эмес. Беш глава беш башка багытта жазылган. Жаңылыктын жыты да жок. Себеби, сүйлөшүүнүн теориясы, методологиясы, текст таануунун теориясы сыяктуу багыттар, текстти интеграциялоо проблемасы да Москва–Тарту илимий мектептеринде Т.Маразыковго чейин эле иштелип чыккан, аларга тиши да өтпөйт, демек, ал белгилүү окумуштуулардын даяр теорияларын компиляциялоо менен чектелген. Ал эми тексттин теориясынын тексттин лингвистикасы, тексттин герменевтикасы, текстология сыяктуу негизги багыттары боюнча Т.Маразыковдун эмгегинде ырымга да бир ооз сөз жок.

Кыргыз тилинде тексттин көйгөйлөрүн изилдеш үчүн адегенде адабий тилдин тарыхы, функционалдык стилдердин тарыхы сыяктуу олуттуу маселелер изилдениши шарт. Алар иликтенгенден кийин барып, анан кыргыз тилиндеги тексттин ал-абалы боюнча гипотезалар пайда болот. Кыргыз тексттери боюнча теория, категория, закондор ошондон кийин гана жаралат, ошондо барып оригиналдуу илим жазылат. Кыргыздын баары, депутаттары баш болуп сабатсыз, текст жаза албай жатса, илимий-техникалык стиль иштебесе, эң жөнөкөй иш кагаздарынын стили жүзөгө ашпай жатса, тексттин теориясы тууралуу сөз болушу мүмкүнбү?

Турусбек Маразыков бир диссертациясын төрткө бөлүп, төрт китеп кылып чыгарса, төрт монография, мукабасын өзгөртүп, бешке бөлүп, 5 китеп кылып чыгарса, алар 5 окуу китеби болуп калбайт да. Анткени, баягы беш главадан турган көзгө басар диссертациясы жалгыз бойдон турганы турган. Кааласа, экспертиза менен текшерели. Т.Маразыковдун илим жазган колунан келбей, аргасы куруп, илимий эмгектеринин көлөмүн көбөйтөм (!) деп көк китебин чаар китеп кылып кайра бастырса эле илим боло калбайт да! Айласы кеткенде илимий эмгектеринин санын көбөйтүү аракети менен “Асаба”, “Кыргыз туусу”, “Аалам”, “Супер-инфо” гезиттерине берген интервьюларынан бери тизмелеп кошуп алган. Гезиттин материалдары илимий иш болбой турганын ал билбейби? Кыргызда “Жалгыз аттуу жарышчаак” деп коёт, анын сыңарындай, жалгыз диссертациясын 5 монография, 4 окуу куралы катары көрсөткөнү менен орун алмашуудан сумма өзгөрбөй, бир илимий эмгек бойдон калат. Анысы да кыйраткансып, эпигончулук менен жазылган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер