Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним
(Башы өткөн сандарда)
Жалал-Абад – куттуу жер!
Жалал-Абад облусу Кыргызстандын ыйык аймагы болуп саналат. Анда көптөгөн кооз жана корголуучу аймактар, мусулмандар үчүн тарыхый, ыйык жерлер бар. Облустун борбору термалдык суу булактарынын ордунда түзүлгөн. Бул чындыгында эле “жандуу суу”, анда пайдалуу заттар, минералдар топтолгон, сиз аны жөн гана ичип же ага жуунсаңыз болот. Шаардын аты байыркы ХII кылымга, биринчи “санаторий” кербен сарайын курган көпөс Жалал ад-Динге барып такалат.
Фарс тилинен которгондо “абад” “эл жашаган жер”, ал эми “жалал” – “ыйык, зыярат” дегенди билдирет, башкача айтканда, Жалал-Абадды “күчтүн жери”, же “ыйык жер” катары да которсо жарашат.
Жалал-Абад шаарынын пайда болушу жөнүндөгү уламыштар
Шаардын бул аталышы менен Аюб-Тоо жөнүндөгү уламыш байланышкан: «Байыркы заманда Аюб деген (орусча транскрипциясында – Иов) күнөөсүз, Кудайдан гана корккон, адилеттүү, эч кимге зыян кылбаган мал жандуу бай жашаган адам. Күндөрдүн биринде Кудай Аюбдун ишениминин күчтүүлүгүн сынап көрүүнү чечип, биринчи кыйынчылыкты жиберет – Аюбдун үйү өрттөнүп, балдары өрттөн каза табышып, малын каракчылар уурдап кетишет. Аюбдун эч нерсеси жок калды. Бирок анын ишеними мокогон эмес, ошондо Кудай ага экинчи сыноону жиберип, пес (проказа-теринин инфекциялык оорусу) дартына чалдыктырат. Аюбдун бүт денесин ириңдүү жаралар каптап кетет. Баардык достору кол үзүшүп, жада калса аялы да ичиркенип, андан Кудайдан баш тартуусун суранат. Бирок Аюбдун ишеничи күчтүү эле. Көп жылдар бою ал жара менен жабыркаса да сабырдуулугун жоготпойт. Кудай аны аяп, Аюбга азыркы Жалал-Абаддын аймагына ажылык кылууга ишаратын билдирип, ошол жердеги, азыркы Аюб-Тоо турган дөңсөөгө оң бутун коюну буюрат. Ал жерди оң буту менен тебелегенде ысык булак оргуп чыгып, а сол бутунун астынан муздак суу жайыла берет. Аюб ысык булакка жуунуп, жарасы айыгып, муздак булактын суусун ичип, толук сакайып кеткен экен.
Арсланбаптагы жаңгак токойлору жана анын уламыштары
Уникалдуу Арсланбаптын жаңгак, жемиш багы дүйнөдөгү эң чоң, абдан кооз жана атактуу токой. Токойдун аянты 600 000 гектардан ашат, ал эми Арсланбаптын өзү деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан.
Мухаммед пайгамбар жер бетиндеги бейиш үчүн эң кооз, ыңгайлуу жерди табууну тапшырган момун, эмгекчил адамдын окуясын жөнүндөгү уламышка токтололу. Ал киши көпкө жол жүрүп, шаркырап аккан тоо дарыясы бар, ажайып кооз өрөөнгө туш келет, бирок ичинде дарактары жок экен. Ал бул жер жөнүндө пайгамбарыбызга айтып берет. Кереметтүү өрөөн жөнүндөгү окуяга шыктанган пайгамбар ага ар кандай мөмөлүү дарактардын, анын ичинде жаңгактын да уруктарын бир мүшөк кылып жөнөтөт. Тапшырманы алган адам тоонун чокусуна чыгып, өрөөнгө үрөндү чачат, ошентип, акыры бул жер чоң жаңгак багына айланып калыптыр.
Жергиликтүүлөрдүн дагы бир уламышына токтолсок, Александр Македонский Арсланбапта болгон. Биздин өрөөндөн өтүп баратып, Грецияга өзү менен кошо токойдогу мөмө-жемиштерди, жаңгактарды ала кеткен. Кыргыз жаңгактары Грецияга ушинтип келип, алар «жаңгак» деп атала баштаганы айтылып калат.
Арсланбап шаркыратмасы
Фергана жана Чаткал тоо кыркаларынын батыш жана түштүк капталдарын кесип өткөн Бабаш-Ата кырка тоолорунда кереметтүү Чоң жана Кичи Арсланбап шаркыратмалары бар. Мындай табигаттын белеги эс алуучулар, туристтер үчүн табылгыс жер катары бааланып келет.
"Сафед-Булан Шах-Фазл" тарыхый-мемориалдык комплекси
ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген “Сафед-Булан Шах-Фазл” тарыхый-мемориалдык комплексин Ала-Бука районунун тургундары “Кичинекей Мекке” деп атап алышкан. Бул жерге Орто Азиянын баардык аймактарынан мусулмандар келип тиленишет. Кылымдарды карыткан ыйык жерди кыргыз эли мекендеп калганы өзүнчө сыймык...
Сафед-Булан тууралуу уламыштар
Комплекске ыйык Арча-Мазар тоосу кирет. Уламыштар боюнча Александр Македонский жеткен акыркы чек болгон. Бул жерде ал акыркы салгылашуусуна чыгып, бирок тоолук Тиграхауттарга утулуп калат. Мазардын үстүндө ушул күнгө чейин грек тамгалары менен “Александрия Эсхата” деп чегилген таш такта турганы да жөн жерден эмес. Котормосу – “Акыркы Александрия”.
Тоонун астында байыркы Сафед-Булан («Ак Булан») айылы жатат. Бул ысым Мухаммед пайгамбардын небереси Шах Жарир ислам динин үгүттөө үчүн аймакка көп аскер менен келген мезгилден бери сакталып келет.
Отко сыйынган жергиликтүүлөр жаңы динди кабыл алууга макул болгондой түр көрсөтүшкөнү менен мерчемдүү ыңгайды күтүшүп, арабдар жума намазга киришер замат аларга кол салышып, баштарын кесип салышкан. Андан соң каза тапкандарды көмүүгө тыюу салышат. Бирок миссионерлердин биринин кара терилүү күңү баардык өлгөндөрдүн башын чогултуп, жууп, көмүп койгон. Башынан өткөн үрөй учурган окуядан соң кыз бозоруп, териси да такыр агарып кеткени айтылат, ошондон бери бул жер Сафед-Булан деп атала баштаган...
Ыймандуу Буландын мүрзөсүнүн үстүнө мазар тургузулат. Ал жерге аялдар гана барып, куран окуп, ыйык жерден бата тилей алышат. Короонун ичинде асыл таш бар. Аялдар ага колун тийгизишип, үй-бүлөнүн амандыгын, бакыт-таалай сурашып, төрөй албагандар бала тилешет...
Падыша-Ата коругу
Падыша-Ата коругунун жаратылыш аймагы Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият иштери боюнча комитетинин (ЮНЕСКО) Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Коруктун аймагында Падыша-Ата ыйык мазары жайгашкан. Уламыштар боюнча, VI-VII кылымдарда бул жерде исламды үгүттөгөн, араб падишахынын өкүлү болгон Саид Хамид ибн Салмани Фарси жашаганы айтылат. Ислам үчүн болгон салгылашуулардын биринде ал оор жарадар болуп, сый-урмат менен жерге берилген. Мүрзө ислам дининин ыйык жайы жана мусулмандар үчүн зыярат кылуучу объект болуп саналат.
1948-жылдагы жер титирөөдө мүрзөнүн үстүнө түшкөн салмагы бир жарым тоннадай таш көмүлгөн жерге эч кандай зыян келтирбей, кулаганда экиге бөлүнүп кеткени аңыз кепке айланган. Чоң таш мүрзөнүн жанында дагы деле турат.
Сөөк жаткан жердин сырткы көрүнүшү 1998-жылы калыбына келтирилип, азыр Падыша-Атанын мүрзөсү менен береги таш бир жерде орун алган. Уламыштар боюнча алганда, күмбөздүн башындагы ташка кол тийгизип, тилек кылсаң, ал сөзсүз орундалат.
Саймалуу-Таш
Деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте, Көгарт ашуусунан анча алыс эмес жерде Саймалуу-Таш жайгашкан. Анда аскага тартылган сүрөттөрдүн дүйнөдөгү эң чоң галереясы бар. ЮНЕСКО адистери Саймалуу-Ташты биздин заманга чейинки үч миң жылдыктан баштап бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн тургундары тарабынан ыйык жер катары колдонулуп келгендиги менен өзгөчөлөнөрүн белгилешет. Аскадагы сүрөттөр кара-күрөң же көк-кара түстөгү коңур катмардан турган таштардын бетине чегилген. Сүрөттөр коло жана темир куралдар менен майда чекиттер аркылуу кооздолгон...
(Уландысы кийинки санда)
"Азия Ньюс" гезити