Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мектептер жана бала бакчалар азырынча толук ачылбайт

Мектептер жана бала бакчалар азырынча толук ачылбайт

29-март, 12:18
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте мектептерде жазгы каникулдан кийинки окуу процесси үчүнчү чейректегидей тартипте уланат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-2-3-4-5-9-11-класстар мектепке барып окушат, ал эми 6-7-8-10-класстардын сабактары аралыктан жүргүзүлөт.

Бала бакчалар да азырынча толук ачылбайт. Мектепке даярдоо жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган өзүнчө топтор гана иштей берет.

Кыргызстанда коронавируска каршы чаралардан улам мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын мартында жабылган. Кийин айрымдары толук ачылды, кээ бирлери эпидемиологиялык кырдаалга жараша жарым-жартылай ачылып иштеп жатышат. Жеке менчик билим берүү жайларынын көбү ишин кадимки тартипте улантууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер