Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда ар бир 15-адам курсагы тоё тамак жебейт

Кыргызстанда ар бир 15-адам курсагы тоё тамак жебейт

05-декабрь, 14:51
529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БУУнун соода-сатык жана айыл чарба уюму Кыргызстандагы соода коопсуздугу жана тамактануу боюнча кырдаалды иликтеп чыкты.

Алардын иликтөөсүнө таянсак, 2016-жылдан 2018-жылга чейинки байкоолорго караганда, Кыргызстанда ар бир 15инчи жашоочу курсагы тое тамак жебейт.

Өлкөдөгү ар бир жетинчи баланын бою өз курагындагылардан кичине.

Ар бир 35-өспүрүм өтө арык.

Ар бир алтынчы кыргызстандык ашыкча салмак менен жабыркайт.

Ар бир 14-өспүрүм ашыкча салмак менен жабыркап келет.

Республикадагы ар бир үчүнчү аял анемиядан жапа чегет.

ФАОдон билдиришкендей, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү, ун менен туздун микроэлементтер менен байытылышы жана окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо сыяктуу көрүлгөн иш-аракеттердин арты менен мамлекеттеги соода коопсуздугу жакшырган. Мындан улам өтө арык жана бою курагына жараша өспөй жаткан балдардын саны дагы азайган.

Анткен менен мамлекетте чоңдор менен балдардын ашыкча салмак менен жабыркашы жана анемияга кабылган аялдардын саны жогору бойдон калууда.

Aryba.kg


 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер