Акыркы кабарлар
» Саясат » Президент Садыр Жапаров Москвага келди
Президент Садыр Жапаров Москвага келди
24-февраль, 17:25

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына, Россия Федерациясына келди.
Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.
Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө.


Султан Досалиев