Ажырым кетти! Бабанов эмнеге лидерликке Казакбаевди эмес, Жээнчороевди көтөрдү?
Дипломатияда ооруп калып, иш-чарага келбей коюунун мааниси бар. “Урдум сенин базарыңды!” дегенди түшүндүрөт. Анын сыңарындай, 20-декабрдагы “Республика” партиясынын съездине Руслан Казакбаев келген жок. “Сыркоолоп калыптыр” дешти.
Эмне үчүн Бабанов жакын досу Казакбаевди партия лидерлигине жылдырбай, Жээнчороевди тандады? Түйүндү чечмелейли. Руслан мырза өз алдынча карьера жасаган, туруктуу көз карашы бар, сөзгө бекем жигит. Буга чейин Бабановго ишенип, ага саясый-идеологиялык жактан кеңештерин берип, штабдарын да жетектеп келген. Уулуна да өкүл ата шайлаган болчу. Жада калса Казакбаев президенттерге Бабановдун айынан жаман көрүнгөн учурлары да болгон... Ал эми чечүүчү моментте, тилекке каршы, Мирлан Жээнчороев алдыга озуп, “Республика” партиясынын лидери болуп шайланды. Эмне үчүн дейсизби? Буга Бабановдун биртууган жээни Жаныбектин эмгеги зор болду (бул жигит "Кыргызстан" банкын, "Азия Моллду" тейлейт). Анүстүнө Жээнчороев үй-бүлө мүчөсү катары да камыр-жумур аралашып калган. А дипломат Казакбаев болсо “досу” менен теңата сүйлөшөт, Жаныбекке жакпайт, сүткө тойгон күчүктөй болуп кызмат кылбайт эмеспи...
Кыскасы, Бабанов көп жылдык досу, кыйын кезде тирек болгон Казакбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, партия лидерлигине көтөрбөй, ичи тарлык кылды. Эки достун ажырымы ушундан башталды. Таарынычтар кектешүүгө айланып бараткандай. Бул боюнча Руслан Казакбаев журналисттерге жооп бербей жатат. БӨТтүн саткынчылыгына “түтөгөн” кербезиби?..
Aryba.kg