Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Жумабековдун шылуундугун ашкерелеген Дамир Дүйшөновго коомчулук ишенди

Сабыр Жумабековдун шылуундугун ашкерелеген Дамир Дүйшөновго коомчулук ишенди

17-февраль, 19:00
2 908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БНИЦТиО жетекчилигине Дамир Дүйшөнов келип, бирок ал кайра кызматтан баш тартты. Сабыр Жумабеков арызданып, аны “контрабандист” деп айыптап чыкты. Бирок, көп узабай Дамир мырза өз чындыгын айтып берди. Бишкекте үйү жок, Токмоктон барып келерин ачыктады. Ошол эле кезде Жумабековдун алкымы чоң экенине токтолуп, 300 долларлык протездерди 5000 долларга сатканын, байыганын шардана кылды. Жаны кыйналып, ооруп жаткандардан бизнес жасап, ашынып кеткенин жашырган жок... Ал эми экс-министр Накен Касиев мыйзамдуулугуна токтолуп, директор ашып кетсе эки ирет шайланарын билдирип, оорукана менчикке айланып кеткенине, өзүмбилемдиктин чегинен чыкканына кейиди. Эске салсак, Сабыр Жумабеков 2004-жылдан бери БНИЦТиО жетекчилигин колго алып, “саан уйдай саап”, жеке жыргалчылыгы үчүн пайдаланып келгени жарыяланды го? Чоңдорго, байларга кошомат кылуу менен жагынып, ортодон жалданма пиарщиктер аркылуу мактанып, элдин көзүн будамайлап салганы ушулбу? Эмне үчүн тийешелүү органдар дыкат текшерүүгө албайт? Себеби, УКМК, ИИМ, прокуратура тармактарында, болгондо да жетекчилик кызматтарга бир туугандарын, балдарын ишке орноштуруп, өзүнчө кулабас чеп орнотуп салыптыр. Бирок, бир учурда адилеттүү заман келет. Ошондо майыптарды, оорукчандарды шорлоткон, акчага көзү кызарган Жумабеков “кусабы”?.. Бул дүйнөдөгү көз боёмочулугун, шылуундугун Дамир Дүйшөнов ашкере кылды. Уят! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер