Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нариман Түлеевдин жигиттиги бардыр, бирок “жегичтигин” кантебиз?

Нариман Түлеевдин жигиттиги бардыр, бирок “жегичтигин” кантебиз?

18-март, 13:05
965 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ак Бата” деп алкынып чыккан Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешине катуу киришип, утуп келүүнү көксөп жатат. Уюштургуч жөндөмү, каражаты жетиштүү экени ырас. Бирок, саясый жолу, мындан аркы позициясы кандай болот? Куугунтук жеп, түрмөгө отуруп, акылына келдиби, же эски жоруктарын кайталайбы?.. Эске салсак, Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Нариман Түлеев Ала-Тоо аянтына Коңурбай, Нескара, Шыпсайдарлардын айкелдерин тургузуп, кыргыз элинин каарына калган. Ошондон тарта мэр катары ооматы кетип, оңбой калганын кантебиз? Бирок, өкчөсөң эле айкүр тургандай образ жаратып, чоң саясатка кайрадан аттанды. Түлеевдин дагы бир айыбы – мамлекеттик кызматкер катары миллионерге айланганы жашыруун эмес. Темир жолду жетектеп турганда байыганын кантип танат? Жигиттиги бардыр, бирок “жегичтигин” кантебиз?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер